Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

34-САБАК

Гидон мидиандыктарды жеңген

Гидон мидиандыктарды жеңген

Убакыттын өтүшү менен ысрайылдыктар кайрадан Жахабадан баш тартып, жалган кудайларга сыйына башташкан. Мидиандыктар жети жыл бою ысрайылдыктардын малын уурдап, түшүмүн талкалап кетип турушкан. Мидиандыктардан корккондуктан ысрайыл эли үңкүрлөргө, тоолордун арасына жашынып калышчу. Ошондуктан алар Жахабага кайрылып, куткарышын суранышкан. Жахаба болсо Гидон деген жигитке периштесин жиберген. Периште ага: «Жахаба сени эр жүрөк жоокер кылыш үчүн тандап алды»,— деген. Бирок Гидон: «Мен Ысрайылды кантип куткарам? Менин колуман эч нерсе келбейт»,— деп айткан.

Гидон өзүн Жахаба тандап алганын кантип билмек? Ал жерге жүндү төшөп, Жахабага: «Эгер эртең менен шүүдүрүм жүнгө эле түшүп, калган жердин баары кургак болсо, анда Ысрайылды куткарышымды каалап жатканыңды билем»,— деген. Кийинки күнү жүн суу болуп, калган жер кургак бойдон калган. Бирок Гидон эртеси жер суу болуп, жүн кургак калышын суранган. Анан баары так ошондой болгондо, Гидон өзүн чындап эле Жахаба тандап алганына көзү жеткен. Ошон үчүн жоокерлерин чогултуп, мидиандыктар менен согушууга жөнөгөн.

Жахаба Гидонго: «Мен ысрайылдыктарды жеңишке жеткирем. Бирок жаныңдагы жоокерлер абдан көп болгондуктан, өз күчүбүз менен жеңдик деп ойлоп алышыңар мүмкүн. Ошондуктан аларга айт, ким коркуп жатса, үйүнө кете берсин»,— деп айткан. Ошондо 22 000 кишиси кетип, 10 000и калган. Бирок Жахаба ага: «Жоокерлериң дагы эле көп. Аларды суунун боюна алып барып, суу ичкиле деп айт. Суу ичип жатканда эки жагын карап, душманды байкап тургандары гана сени менен барсын»,— деген. Эки жакты байкап, сак болгондордун саны 300 эле болгон. Жахаба ошол аз эле киши аркылуу мидиандыктардын 135 000 жоокерин жеңерин айткан.

Ошол түнү Жахаба Гидонго: «Мидиандыктарга сокку урууга убакыт келди!» — деген. Гидон ар бир жоокерине сурнай менен ичине шамана салынган чоң кумура берип: «Мени карап, мен кылганды кылгыла»,— деген. Ал сурнай тартып, колундагы кумураны талкалап, шаманасын өйдө көтөрүп: «Жахаба менен Гидондун кылычы!» — деп кыйкырган. Анын 300 жоокери да так ошондой кылган. Ошондо мидиандыктар дүрбөлөңгө түшүп, бири-бирин кылычтап, тирүү калгандары туш тарапка качып кетишкен. Ошентип, Жахаба ысрайылдыктарга дагы бир жолу душмандарын жеңгенге жардам берген.

«Адаттан тышкаркы күч биздики эмес, Кудайдыкы» (2 Корунттуктар 4:7)