Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

35-САБАК

Анна Кудайдан уул тилеген

Анна Кудайдан уул тилеген

Элкана деген ысрайылдык кишинин Анна жана Пенина деген эки аялы болгон. Элкана Аннаны көбүрөөк жакшы көрчү. Бирок Анна төрөбөс эле. Ал эми Пенинанын көп баласы бар болчу. Ошондуктан ал Аннаны дайыма шылдыңдай берчү. Жыл сайын Элкана Кудайга сыйыныш үчүн бүт үй-бүлөсү менен Шилодогу ыйык чатырга бара турган. Бир жолу ошол жакта жүрүшкөндө, ал жакшы көргөн аялы Аннанын аябай кайгырып жатканын байкаган. Ошондо ага: «Анна, эмнеге ыйлап жатасың? Мен турбаймынбы, мен сени аябай жакшы көрөм»,— деген.

Кийинчерээк Анна өзүнчө тиленгени кеткен. Жахабадан жардам беришин сурап тиленип жатып ал токтоно албай ыйлай берген. Ошол тиленүүсүндө Жахабага: «Эгер мага эркек бала берсең, мен аны сага берем. Ал сага өмүр бою кызмат кылат»,— деп убада берген.

Башкы дин кызматчы Эйли анын ыйлап жатканын көрүп, мас деп ойлоп алган. Бирок Анна ага: «Жок, мырзам, мен мас эмесмин. Мен аябай кыйналгандыктан бул тууралуу Жахабага айтып жатам»,— деген. Эйли өзүнүн жаңылып калганын түшүнүп, Аннага: «Кудай сага сураганыңды берсин»,— деп айткан. Ошондо Анна жеңилдеп, үйүнө кеткен. Бир жыл өтүп-өтпөй, ал уул төрөп, атын Шемуел койгон. Анын канчалык сүйүнгөнүн элестете аласыңбы?

Анна Жахабага берген убадасын унуткан эмес. Ошондуктан Шемуел эмчектен чыкканда, аны ыйык чатырга алып барган. Анан Эйлиге: «Мырзам, мен Кудайдан ушул баланы тилегем. Эми баламды биротоло Жахабага кызмат кылууга берип жатам»,— деген. Элкана менен Анна жыл сайын Шемуелди көргөнү барганда ага жеңи жок жаңы кийим ала барышчу. Кийин Жахаба Аннага дагы үч уул, эки кыз берген.

«Сураганыңарды токтотпогула, ошондо силерге берилет; издегениңерди токтотпогула, ошондо табасыңар» (Матай 7:7)