Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

36-САБАК

Иптахтын убадасы

Иптахтын убадасы

Ысрайыл эли кайрадан Жахабадан баш тартып, жалган кудайларга сыйына баштаган. Амон уулдары кол салганда, жалган кудайлар ысрайылдыктарга эч кандай жардам бере алган эмес. Ысрайылдыктар көп жыл бою азап чегип, акыры Жахабадан: «Биз күнөө кылдык. Суранабыз, бизди душмандардан коргой көр»,— деп жардам сурашкан. Анан буркандарынын баарын жок кылып, кайрадан Жахабага сыйына башташкан. Ошондуктан Жахаба алардын кыйналганын карап тура алган эмес.

Ысрайылдыктарды Амон уулдары менен согушууга баштап барышы үчүн, Жахаба Иптах деген жоокерди тандаган. Ал Жахабага: «Эгер бизге согушта жеңишке жеткенге жардам берсең, анда үйгө кайтып келгенимде, мени ким биринчи тосуп чыкса, аны сага берем»,— деп убада берген. Жахаба анын тиленүүсүн угуп, жеңишке жеткирген.

Иптах үйүнө кайтып келгенде, аны эң биринчи болуп жападан жалгыз кызы тосуп чыккан. Ал атасын дап кагып, бийлеп тосуп алган. Ошондо Иптах эмне кылган? Ал убадасын эстеп, кызына: «Аттиң ай, кызым, жүрөгүмдү жаралабадыңбы! Мен Жахабага убада берип койгом. Эми аны аткарыш үчүн сени Шилодогу ыйык чатырда кызмат кылууга жиберишим керек»,— деген. Бирок кызы: «Ата, эгер Жахабага убада берип койгон болсоңуз, анда аны аткарыңыз. Сизден суранарым, мени эки айга коё бериңиз, курбу кыздарым менен тоого барып келейин. Анан ыйык чатырга барайын»,— деген. Иптахтын кызы өмүрү өткөнчө ыйык чатырда ишенимдүү кызмат кылган. Достору жыл сайын ага жолукканы Шилого барып турушчу.

«Ким уулун же кызын менден артык көрсө, шакиртим болууга татыктуу эмес» (Матай 10:37)