Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

39-САБАК

Ысрайылдын биринчи падышасы

Ысрайылдын биринчи падышасы

Жахаба ысрайыл элин жетектегенге бийлерди дайындап келген. Бирок эл падыша башкарышын каалай баштаган. Алар Шемуел пайгамбарга: «Тегерегибиздеги элдердин баарынын падышасы бар. Бизди да падыша башкарышын каалайбыз»,— дешкен. Шемуел мунун туура эмес экенин билген, ошондуктан бул тууралуу Жахабага айткан. Жахаба ага: «Эл сени эмес, мени четке кагып жатат. Элге аларды падыша башкарарын, бирок ал алардан көп нерсени талап кыларын эскертип кой»,— деген. Ошондон кийин да эл: «Бизге баары бир. Бизге падыша керек!» — деп айткан.

Жахаба Шемуелге Шабул деген кишинин биринчи падыша болорун айткан. Шабул Шемуелге жолугуш үчүн Рамага барганда, Шемуел анын башына май куюп, падыша кылып майлаган.

Кийинчерээк Шемуел жаңы падышаны көрсөтүш үчүн ысрайылдыктарды чогулткан. Бирок алар Шабулду таппай коюшкан. Эмне үчүн экенин билесиңби? Анткени ал жүктөрдүн арасына жашынып алган болчу. Акыры алар аны таап келип, элдин ортосуна тургузушкан. Шабул узун бойлуу, абдан сулуу эле. Шемуел элге: «Жахабанын кимди тандаганын көрдүңөрбү?» — деп айткан. Ошондо алар: «Жашасын падыша!» — деп кыйкырышкан.

Башында Шабул падыша Шемуел пайгамбарды уккан жана Жахабага баш ийген. Бирок кийин өзгөрүп кеткен. Мисалы, падыша курмандык чалууга укуктуу эмес болгон. Бир жолу Шемуел Шабулга аны күтүп турушу керектигин айткан. Бирок ал кармалып жаткандыктан, Шабул курмандыкты өзү чалган. Шемуел буга кандай караган? Ал ага: «Сен Жахабага баш ийишиң керек болчу»,— деген. Шабул катасынан сабак алганбы?

Кийинчерээк Шабул Амалыктын тукумдарына каршы согушка аттанганда, Шемуел ага бирин да тирүү калтырбашы керектигин айткан. Бирок Шабул алардын падышасы Агакты өлтүрбөй койгон. Ошондо Жахаба Шемуелге: «Шабул тилимди албай, менден баш тартып кетти»,— деген. Шемуел буга аябай кайгырып, Шабулга: «Сен Жахабага баш ийбей калгандыктан, ал башка падыша тандайт»,— деп айткан. Анан бурулуп, кетмекчи болгондо, Шабул анын сырт кийиминин этегинен кармаган, ошондо ал айрылып калган. Шемуел ага: «Жахаба сенден падышалык бийликти тартып алды»,— деген. Жахаба падышалыкты аны жакшы көргөн жана ага баш ийген башка бирөөгө бергени жаткан.

«Тил алуу курмандыктан артык» (1 Шемуел 15:22)