Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

40-САБАК

Дөөтү менен Голиат

Дөөтү менен Голиат

Жахаба Шемуел пайгамбарга: «Жышайдын үйүнө бар. Анын уулдарынын бири Ысрайылдын кийинки падышасы болот»,— деп айткан. Ошентип, пайгамбар Жышайдын үйүнө жөнөгөн. Ал Жышайдын улуу баласын көргөндө ичинен: «Ушул болуш керек»,— деп ойлогон. Бирок Жахаба ал эмес экенин айтып: «Мен адамдын сыртына эмес, ички дүйнөсүнө көңүл бурам»,— деген.

Жышай дагы 6 уулун Шемуелге көрсөткөн. Бирок Шемуел: «Жахаба бул уулдарыңдын бирин да тандаган жок. Дагы башка уулуң барбы?» — деп сураган. Жышай: «Ооба, эң кичүү уулум Дөөтү бар, ал кой кайтарып жүрөт»,— деген. Дөөтү келгенде, Жахаба Шемуелге: «Мына, мен ушуну тандадым!» — деген. Шемуел Дөөтүнүн башына май куюп, аны Ысрайылдын болочок падышасы кылып майлаган.

Кийинчерээк ысрайылдыктар Голиат аттуу балбаны бар пелиштиликтерге каршы согушка аттанышкан. Голиат күнүгө ысрайылдыктарды шылдыңдап: «Мага кимиңер чыгасыңар? Эгер ал мени жеңсе, биз силерге кул болобуз. Ал эми мен жеңсем, силер бизге кул болосуңар»,— деп кыйкыра берген.

Бир күнү Дөөтү согушта жүргөн агаларына тамак-аш алып барган. Ал Голиаттын сөздөрүн угуп: «Ага мен чыгам!» — деген. Шабул падыша: «Сен али жашсың»,— дегенде, Дөөтү: «Жахаба мага жардам берет»,— деп айткан.

Шабул Дөөтүгө өзүнүн курал-жарагын бергенде, ал: «Мен бул куралдар менен согуша албайм»,— деген. Анан салмоорун алып, суунун жээгине барган. Ал жактан 5 жылмакай таш алып, баштыгына салган да, Голиатты көздөй чуркап жөнөгөн. Голиат: «Бери кел, балакай. Сени өлтүрүп, денеңди асмандагы куштар менен талаадагы жырткычтарга берейин»,— деп кыйкырган. Бирок Дөөтү корккон эмес. Ал мындай деген: «Сен мага каршы найза, кылыч менен келатасың, мен болсо Жахабанын ысмы менен баратам. Сен бизге эмес, Кудайга каршы чыгып жатасың. Бул жердегилердин баары Жахабанын кылычтан да, найзадан да күчтүү экенин билишет. Ал баарыңарды колубузга салып берет».

Дөөтү баштыгынан таш алып чыгып, салмоорго салып, болгон күчү менен Голиатты көздөй ыргыткан. Жахаба жардам бергендиктен, таш туура анын чекесине тийип, батып кеткен. Голиат жерге кулап, өлүп калган. Пелиштиликтер болсо качып жөнөшкөн. Сен да Дөөтүдөй болуп Жахабага таянасыңбы?

«Бул адамдардын колунан келбейт, ал эми Кудайдын колунан келбеген эч нерсе жок» (Марк 10:27)