Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

41-САБАК

Дөөтү менен Шабул

Дөөтү менен Шабул

Дөөтү Голиатты өлтүргөндөн кийин, Шабул аны аскер башчысы кылып дайындаган. Дөөтү көп согуштарда жеңишке жетип, элге аябай таанымал болуп калган. Ал согуштан кайтып келатканда, аялдар: «Шабул миңди жеңди, Дөөтү болсо он миңди жеңди»,— деп ырдап-бийлеп тосуп чыгышчу. Шабулдун буга ичи күйүп, аны өлтүрүүнүн амалын издей баштаган.

Дөөтү кыл аспапта мыкты ойночу. Бир күнү ал кыл аспап чертип жатканда, Шабул найзасын аны көздөй ыргыткан. Бирок Дөөтү буйтап кетип, найза дубалга сайылып калган. Шабул аны дагы көп жолу өлтүрүүгө аракет кылган. Акыры, Дөөтү алыс качып кетип, чөлдө жашынып жүргөн.

Шабул 3 000 жоокери менен аны издей баштаган. Бир жолу ал Дөөтү менен анын кишилери жашынган үңкүргө кирген. Ошондо Дөөтүнүн кишилери: «Шабулду өлтүрүп сал. Ал өзү колуңа түштү»,— деп шыбырашкан. Дөөтү акырын барып, Шабулдун сырт кийиминин этегинен кесип алган. Шабул муну байкаган эмес. Бирок Дөөтү Жахаба тандаган падышага урмат көрсөтпөгөнүнө аябай жаман болгон. Ал кишилерине Шабулду өлтүрүүгө жол берген эмес. Анан Шабулга артынан кыйкырып, эгер кааласа, аны өлтүрүп коймоктугун айткан. Ошондон кийин Шабул Дөөтүнү жайына койгонбу?

Жок. Ал аны өлтүрүүгө аракет кыла берген. Бир жолу түн ичинде Дөөтү менен анын тууганы Абышай Шабулдун кошуунуна билгизбей кирип барышкан. Атүгүл Шабулдун жан сакчысы Абинер да уктап калып, аларды байкабай калган. Абышай Дөөтүгө: «Муну өлтүрүп салайынбы? Мындай мүмкүнчүлүк экинчи болбойт»,— деген. Дөөтү болсо: «Жахаба Шабулду өзү жазалайт. Анын баш жагындагы найза менен суу куюлчу кумураны ал, кетели»,— деп айткан.

Анан Дөөтү жакын жердеги тоонун чокусуна чыккан. Ал жактан Шабулдун кошууну жакшы көрүнүп турчу. Ал: «Абинер, эмнеге падышаны жакшылап кайтарган жоксуң? Анын найзасы менен кумурасы кана?» — деп кыйкырган. Шабул Дөөтүнүн үнүн таанып, ага: «Сен мени өлтүрүп коё алмаксың, бирок анткен жоксуң. Ысрайылдын кийинки падышасы сен болоруңду билем»,— деген. Ошентип, Шабул ак сарайына кайткан. Анын үйүндөгүлөрүнүн баары эле Дөөтүнү жек көрчү эмес.

«Мүмкүн болушунча, бардык адамдар менен тынчтыкта болгула. Сүйүктүү бир туугандар, эч кимден өч албагыла, Кудайдын каарына орун бергиле» (Римдиктер 12:18, 19)