Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

42-САБАК

Берилген, эр жүрөк киши Жонатан

Берилген, эр жүрөк киши Жонатан

Шабул падышанын тун уулу Жонатан эр жүрөк жоокер болгон. Дөөтү анын бүркүттөн учкул, арстандан күчтүү болгонун айткан. Бир жолу Жонатан адырдан пелиштиликтердин 20 жоокерин көргөн. Ал курал-жарагын көтөргөн кызматчысына: «Биз алар менен, Жахаба белги берсе гана, согушабыз. Эгер пелиштиликтер: „Биз жакка чыккыла“,— дешсе, аларга каршы аттанабыз»,— деген. Пелиштиликтер ал экөөнө: «Бул жакка чыккыла, согушабыз!» — деп кыйкырышкан. Ошондо экөө тырмышып, жогору чыгып барышкан да, пелиштилик жоокерлерди жеңип алышкан.

Жонатан Шабулдун тун уулу болгондуктан атасынын ордуна падыша болмок. Бирок ал Жахабанын Ысрайылдын кийинки падышасы кылып Дөөтүнү тандаганын билген. Ошентсе да ага ичи күйгөн эмес. Дөөтү экөө ынак достордон болушкан. Алар бири-бирин коргоп-колдойбуз деп убада беришкен. Жонатан достугунун белгиси катары Дөөтүгө жеңи жок чапанын, кылычын, жаасын, курун берген.

Дөөтү Шабулдан качып жүргөндө, Жонатан ага барып: «Бекем, кайраттуу бол. Жахаба сени падыша кылып тандап алган. Муну атүгүл атам да билет»,— деген. Сен да Жонатандай жакшы досуң болушун каалайсыңбы?

Жонатан досуна жардам бериш үчүн бир нече жолу өмүрүн тобокелге салган. Ал атасынын Дөөтүнү өлтүргүсү келерин билгенде ага: «Дөөтүнү өлтүрсөңүз, күнөө кылган болосуз. Ал сизге эч жамандык кылган жок»,— деп айткан. Ошондо Шабул ага абдан ачууланган. Бир нече жылдан кийин Шабул менен Жонатан согушта каза болгон.

Жонатан өлгөндөн кийин, Дөөтү анын уулу Мепибешетти издеген. Аны тапканда: «Атаң менин жакын досум болчу. Ошондуктан сага өмүрүң өткөнчө кам көрөм. Сен менин падыша сарайымда жашап, дасторконумдан тамактанасың»,— деген. Дөөтү Жонатан досун эч качан унуткан эмес.

«Бири-бириңерди мен силерди сүйгөндөй сүйгүлө. Ким достору үчүн өз жанын берсе, аныкынан өткөн сүйүү жок» (Жакан 15:12, 13)