Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

45-САБАК

Падышалык экиге бөлүнгөн

Падышалык экиге бөлүнгөн

Сулайман падыша Жахабага кызмат кылганда, Ысрайылда тынчтык болгон. Бирок ал буркандарга сыйынган бөтөн жерлик көп аялдарды алган. Акырындап өзгөрүп отуруп, Сулайман да бурканга сыйына баштаган. Ошондо Жахаба каарданып: «Ысрайыл сенин үйүңөн тартылып алынып, экиге бөлүнөт. Падышалыктын көп бөлүгүн кызматчыңа берем, сенин үйүң кичинекей эле бөлүгүн башкарат»,— деген.

Жахаба ушундай чечкенин дагы бир жол менен көрсөткөн. Бир күнү Сулаймандын Жеробам деген кызматчысы кетип баратканда, алдынан Ахия пайгамбар чыккан. Ахия сырткы кийимин 12ге бөлүп айрып салган да, ага мындай деген: «Жахаба Ысрайылды Сулаймандын үйүнөн тартып алып, экиге бөлөт. Мобу кийимдин он бөлүгүн сен ал, анткени сен он уруунун падышасы болосуң». Сулайман падыша муну укканда Жеробамды өлтүргүсү келген. Ошондуктан Жеробам Мисирге качып кеткен. Сулайман өлгөндөн кийин, ордуна уулу Рехабам падыша болгон. Ошондо Жеробам Ысрайылга кайтып келүүнү чечкен.

Ысрайыл аксакалдары Рехабамга: «Эгер элге жакшы мамиле кылсаң, алар сага берилгендик сакташат»,— дешкен. Бирок жаш достору: «Элди катуу карма! Алардын жумушун ого бетер оорлот»,— деп кеңеш беришкен. Рехабам аларды угуп, элди аябай эзген. Ошондуктан эл ага каршы чыгып, Жеробамды он урууга падыша кылып шайлаган. Он уруудан турган падышалык Ысрайыл падышалыгы деп аталып калган. Калган эки уруу Жүйүт падышалыгы деп аталган. Алар Рехабамга берилгендигин сакташкан. Ошентип, 12 уруу экиге бөлүнгөн.

Жеробам элинин Рехабамдын падышалыгындагы Иерусалимге барып, Жахабага сыйынышын каалаган эмес. Эмне үчүн экенин билесиңби? Ал элдин баары Рехабам тарапка ооп, аны колдой баштайт деп корккон. Ошондуктан алтындан эки музоо жасап, элге: «Иерусалим аябай алыс. Силер бул жерде эле сыйынсаңар болот»,— деген. Эл алтын музоолорго сыйынып, Жахабаны кайра эле унутуп калышкан.

«Ишенимдеш эместер менен бир моюнтурукту кийбегиле. Себеби адилдик менен мыйзамсыздыктын ортосунда кандай жалпылык бар?.. Же ишенген киши менен ишенбеген кишинин ортосунда кандай жалпылык бар?» (2 Корунттуктар 6:14, 15)