Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

46-САБАК

Кармел тоосунда болгон окуя

Кармел тоосунда болгон окуя

Он уруудан турган Ысрайыл падышалыгын көптөгөн жаман падышалар башкарган, бирок Ахап алардын баарынан ашып түшкөн. Ал Баалга сыйынган Изабел деген каардуу аялга үйлөнгөн. Ахап менен Изабел Ысрайылда Баалга сыйынууну жайылтып, Жахабанын пайгамбарларын өлтүрүшкөн. Ошондо Жахаба эмне кылган? Ал Ахапка Илияс пайгамбарды жөнөткөн.

Илияс Ахап падышага анын жаман иштеринин айынан Ысрайылда жамгыр жаабай турганын айткан. Үч жылдан ашык убакыт бою жер түшүм бербей, эл ачарчылыктан азап чеккен. Кийинчерээк Жахаба Илиясты Ахапка дагы жөнөткөн. Падыша ага: «Сенин айыңан ушундай болуп жатат. Ушунун баарына сен күнөөлүүсүң!» — деп ачууланган. Илияс: «Мен күнөөлүү эмесмин. Сен Баалга сыйынган үчүн ушундай болуп жатат. Кел, кимдин Кудайы чыныгы Кудай экенин текшерели. Элди жана Баалдын пайгамбарларын Кармел тоосуна чогулт»,— деп айткан.

Эл тоого чогулганда, Илияс мындай деген: «Өзүңөр чечкиле. Эгер Жахаба чыныгы Кудай болсо, аны ээрчигиле. Эгер Баал чыныгы Кудай болсо, анда аны ээрчигиле. Баалдын 450 пайгамбары курмандык даярдап, кудайын чакырышсын. Мен да курмандык даярдап, Жахабаны чакырам. Кимиси асмандан от жиберсе, ошол — чыныгы Кудай». Эл макул болгон.

Баалдын пайгамбарлары курмандык даярдап, бир күн кечке: «Оо, Баал, бизге жооп бер!» — деп кыйкырышкан. Баал жооп бербегендиктен, Илияс аны шылдыңдап күлгөн. Ал: «Үнүңөрдү болушунча катуу чыгарып кыйкыргыла. Балким, ал уктап жаткандыр. Анда аны ойготуш керек!» — деген. Кеч кирсе да, Баалдын пайгамбарлары аны чакырып кыйкыра беришкен. Бирок эч кандай жооп болгон эмес.

Илияс курмандыгын курмандык жайына коюп, үстүнө суу куйган. Анан: «Оо, Жахаба, эл сенин чыныгы Кудай экениңди билсин»,— деп тиленген. Ошол замат Жахаба асмандан от жиберген. Ал курмандыкты жалмап кеткен. Ошондо эл: «Жахаба — чыныгы Кудай!» — деп кыйкырган. Илияс: «Баалдын пайгамбарларынын бири да качып кетпесин!» — деген. Ошол күнү Баалдын 450 пайгамбары өлтүрүлгөн.

Деңиз жактан алакандай булут көрүнгөндө, Илияс Ахапка: «Жаан нөшөрлөп жаай баштайт. Арабаңды чегип, үйүңө жөнө»,— деген. Аңгыча асманды кара булут каптап, шамал согуп, жаан төгө баштаган. Акыры, кургакчылык бүткөн. Ахап арабасын зуулдатып айдаган. Жахаба колдогондуктан, Илияс катуу чуркап, арабадан ашып кеткен. Бирок Илияс пайгамбардын кыйынчылыгы ушуну менен эле бүтүп калганбы? Анда ошол жөнүндө билели.

«Сенин ысмың Жахаба экенин, жер үстүндөгү Эң Жогорку Кудай жалгыз сен экениңди баары билсин» (Забур 83:18)