Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

48-САБАК

Жесир аялдын уулу тирилген

Жесир аялдын уулу тирилген

Кургакчылык убагында Жахаба Илияс пайгамбарга: «Сарепатка бар. Ал жактан сага жесир аял тамак берет»,— деген. Шаардын дарбазасынын жанынан ал отун терип жүргөн бир жесир аялды көрүп, ичкенге суу сураган. Аял суу алып келгени кетип баратканда, Илияс артынан: «Бир кесим нан да ала келчи»,— деп айткан. Бирок аял: «Сага бергенге нан жок. Балам экөөбүзгө бир нерсе жасаганга бир ууч ун, кичине майым эле бар»,— деген. Илияс ага: «Эгер мага бир аз нан жасап берсең, кургакчылык бүткөнчө, унуң да, майың да түгөнбөй турганын Жахаба убада кылды»,— деп айткан.

Жесир аял үйүнө барып, Жахабанын пайгамбарына нан жасаган. Жахаба убада кылгандай, кургакчылык бүткүчө, жесир аял менен уулунун дайыма тамак-ашы болгон. Анын кумурадагы уну түгөнгөн эмес, майы азайган эмес.

Андан кийин бир жаман окуя болгон. Жесир аялдын баласы катуу ооруп, өлүп калган. Ал Илиястан жардам беришин сурап жалбарган. Пайгамбар баланы энесинен алып, үйдүн үстүнкү бөлмөсүнө алып чыккан. Анан төшөгүнө жаткырып: «Жахаба, суранам, бул баланын өмүрүн кайрып бере көр»,— деп тиленген. Жахабанын ошондо кылганы жаткан керемети эмне үчүн таң калыштуу болгонун билесиңби? Себеби, биз билгендей, ага чейин эч ким тирилген эмес болчу. Ошондой эле жесир аял менен уулу ысрайылдык эмес эле.

Балага кайрадан жан кирип, дем ала баштаган. Илияс жесир аялга: «Мына, уулуң тирүү»,— деп сүйүнчүлөгөн. Аял аябай кубанып, ага: «Эми мен сенин Кудайдын кишиси экениңди, сенин чындап эле Жахабанын сөздөрүн айтканыңды билдим»,— деген.

«Кузгундарды карагылачы: алар эгин экпейт, оруп-жыйбайт. Алардын сактай турган жайы да, кампасы да жок. Бирок Кудай аларды азыктандырат. Силер канаттуулардан алда канча баалуу эмессиңерби?!» (Лука 12:24)