Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

49-САБАК

Каардуу каныша жазаланган

Каардуу каныша жазаланган

Ахап падышанын Изреилдеги ак сарайынын терезесинен Наботтун жүзүмзары көрүнүп турчу. Ахап аны алгысы келип, Наботтон сатып алууга аракет кылган. Бирок Набот саткысы келген эмес, себеби Жахабанын Мыйзамында мураска калган жерди сатууга тыюу салынган эле. Ахап Наботтун туура иш кылып жатканын баалады беле? Кайдан. Ал аябай ачууланып, тамак ичпей, төшөгүнө жатып алган.

Анын каардуу аялы Изабел каныша: «Сен Ысрайылдын падышасысың. Каалаганыңды ала аласың. Мен сага ал жерди алып берем»,— деген. Ошентип, ал шаардын аксакалдарына кат жазып, Наботту Кудайга акарат кылды деп айыптап, таш бараңга алып өлтүрүүнү буйруган. Аксакалдар баарын Изабел катка жазып жибергендей кылышкан. Ошондо Изабел Ахапка: «Набот өлдү. Эми жүзүмзар сеники болот»,— деген.

Изабел Наботту эле эмес, Жахабаны жакшы көргөн башка көптөгөн күнөөсүз кишилерди да өлтүргөн. Атүгүл буркандарга сыйынган жана башка толтура жаман иштерди кылган. Бирок Жахаба Изабелдин бардык жаман иштерин көрүп турган. Ал ага каршы кандай чара көргөн?

Ахап өлгөндөн кийин, уулу Жорам падыша болгон. Жахаба Жехуну Изабел менен анын үй-бүлөсүн жазалоого жиберген.

Жеху арабасын чегип, Изабел жашаган Изреилге жөнөгөн. Жорам арабасы менен аны тосуп чыгып: «Тынччылыкпы?» — деп сураган. Жеху: «Энең Изабел жаман иштерди кылып жатса, кайдагы тынчтык?!» — деген. Жорам качып кетиш үчүн дароо арабасын бурган. Бирок Жеху аны жаа менен атканда, ал өлүп калган.

Анан Жеху Изабелдин ак сарайына жөнөгөн. Анын келатканын укканда Изабел боёнуп, чачын жасап, терезеден карап турган. Жеху келгенде, Изабел аны менен орой учурашкан. Жеху анын кызматчыларына: «Алдагыны ыргытып жибергиле!» — деп кыйкырган. Алар Изабелди терезеден ыргытып жиберишкенде, ал кулап түшүп, өлүп калган.

Ошондон кийин Жеху Ахаптын 70 уулун өлтүрүп, Ысрайыл жерин Баалга табынуудан тазалаган. Бул окуядан Жахабанын бардык нерсени көрүп турарын жана жаман иштерди кылгандарга тиешесин берерин байкадыңбы?

«Башында ач көздүк менен алынган мураска кийин бата тийбейт» (Накыл сөздөр 20:21)