Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

50-САБАК

Жахаба Жошапатты коргогон

Жахаба Жошапатты коргогон

Жүйүт падышасы Жошапат өлкөсүндөгү Баалдын курмандык жайларын, буркандарды талкалаган. Жошапат элдин Жахабанын мыйзамдарын билишин каалаган. Ошондуктан элге Жахабанын мыйзамдарын үйрөтүшү үчүн, төрөлөр менен лебилерди өлкөнүн туш тарабына жөнөткөн.

Тегерек-четтеги элдер жүйүттөргө каршы чыгуудан коркушкан, себеби аларды Жахаба колдоорун билишкен. Атүгүл алар Жошапатка белектерди беришкен. Бирок мааптыктар, Амон уулдары жана Сеир жериндегилер жүйүттөр менен согушканы келишкен. Жошапат Жахабанын жардамына муктаж экенин билген. Анын падышалыгындагы бардык эркектер, аялдар, балдар Иерусалимге чогулушкан. Анан Жошапат алардын алдына туруп: «Жахаба, сенин жардамыңсыз жеңишке жете албайбыз. Бизге эмне кылышты айтчы»,— деп тиленген.

Жахаба алардын тиленүүсүн угуп: «Коркпогула. Мен силерге жардам берем. Ордуңарда туруп, менин кантип куткарарымды карап тургула»,— деген. Ал аларды кантип куткарган?

Эртеси эртең менен Жошапат ырчыларды тандап алып, аларга жоокерлердин алдына түшүп басууну айткан. Алар Иерусалимден чыгып, Текоя деген жердеги согуш талаасына чейин барышкан.

Ырчылар бийик үн менен Жахабаны даңктап ырдап жатканда, ал өзүнүн эли үчүн согушкан. Ал Амон уулдары менен мааптыктарды дүрбөлөңгө түшүргөндүктөн, алар бири-бирин кырып салышкан. Эч кимиси аман калган эмес. Бирок Жахаба жүйүттөрдү, алардын жоокерлери менен дин кызматчыларын коргогон. Айланадагы элдердин баары Жахабанын бул иши тууралуу угушкан жана анын өз элин коргоп келатканын билишкен. Жахаба элин кантип коргойт? Ар кандай жолдор менен. Ал элин коргош үчүн пенденин жардамына муктаж эмес.

«Бул жолкусунда силер согушпайсыңар. Ордуңарда туруп, Жахабанын силерди кантип куткарарын карап тургула» (2 Жылнаама 20:17)