Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

51-САБАК

Аскер башчысы менен кичинекей кыз

Аскер башчысы менен кичинекей кыз

Сирия жеринде Ысрайылдан туткундалып келген бир кичинекей кыз болгон. Ал жер анын үйүнөн абдан алыс эле. Ал кыз Нааман деген аскер башчысынын аялына кызмат кылчу. Тегерегиндегилер башка кудайларга сыйынышса да, ал Жахабага сыйына берген.

Нааман коркунучтуу тери оорусуна чалдыккандыктан дайыма жаны сыздап, кыйналчу. Ысрайылдык кыз ага жардам бергиси келчү. Ошондуктан ал Наамандын аялына: «Сиздин күйөөңүздү айыктыра ала турган бирөөнү билем. Ал — Жахабанын Ысрайылда жашаган Элиша деген пайгамбары. Ал күйөөңүздү айыктыра алат»,— деген.

Наамандын аялы анын сөздөрүн күйөөсүнө айтып берген. Нааман баарын кылууга даяр болчу, ошондуктан Ысрайылдагы Элишанын үйүнө жөнөгөн. Нааман аны өзгөчө урмат-сый менен тосуп алат деп ойлогон. Бирок Элиша өзү чыкпастан, бир кызматчысы аркылуу: «Иордан дарыясына барып, жети жолу чумкуп чык. Ошондо айыгасың»,— деген.

Нааман буга нааразы болуп, мындай деген: «Ал Кудайынын ысмын чакырып, колун тийгизип айыктырат экен десе, Ысрайылдагы дарыяга барып, чумкуп чык дейт. Сириядагы дарыялар андан артык эмеспи? Аларга деле барсам болбойт беле?» Ошентип, ал ачууланган бойдон жөнөп кеткен.

Бирок Наамандын кызматчылары ага туура ой жүгүртүүгө жардам беришкен. Алар: «Айыгыш үчүн баарына даяр эмес белеңиз? Пайгамбар сизден оңой эле нерсени суранды го. Айтканын кылып эле койбойсузбу»,— дешкен. Нааман алардын кеңешин угуп, Иорданга барып, жети жолу чумкуган. Жетинчи жолу чумкуганда ал толугу менен айыгып калган. Нааман абдан ыраазы болуп, Элиша пайгамбарга рахмат айтканы барган. Ал: «Эми мен Жахабанын чыныгы Кудай экенин билдим»,— деген. Нааман айыгып кайтып келгенде, ысрайылдык кыз кандай сезимде болгон деп ойлойсуң?

«Өзүңдү жаш балдар менен наристелерге даңктаттың» (Матай 21:16)