Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

53-САБАК

Жояттын эр жүрөктүгү

Жояттын эр жүрөктүгү

Изабелдин Аталея деген өзүнө окшогон каардуу кызы бар болчу. Ал Жүйүт падышасына турмушка чыккан. Күйөөсү өлгөндөн кийин, уулу башкара баштаган. Ал эми уулу каза болгондон кийин, Аталея өзү падыша болуп алган. Ал өзүнүн ордуна бийлик кыла тургандардын баарын, атүгүл өз неберелерин да өлтүрүп, падышанын тукумун кырып салууну көздөгөн. Андан баары коркчу.

Башкы дин кызматчы Жоят менен анын жубайы Жехошеба Аталеянын иштери аябай жаман экенин билишчү. Алар өмүрүн тобокелге салып, анын небереси болгон Жааш деген ымыркайды жашырып коюшкан. Анан аны ибадатканада чоңойтуп-өстүрүшкөн.

Жааш 7ге чыкканда, Жоят башчылар менен лебилерди чогултуп: «Ибадатканага эч кимди киргизбей, эшиктерди кайтарып тургула»,— деген. Андан соң Жаашты падыша кылып, башына таажы кийгизген. Ошондо жүйүт эли: «Жашасын падыша!» — деп кыйкыра баштаган.

Элдин ызы-чуу түшкөнүн укканда Аталея ибадаткананы көздөй шашып жөнөгөн. Анан жаңы падышаны көрүп: «Чыккынчылык! Чыккынчылык!» — деп кыйкырган. Башчылар ал ыймансыз канышаны кармап, сыртка алып чыгышкан да, өлтүрүп салышкан. Бирок анын элге тийгизген жаман таасири кантип жок кылынган?

Жоят элге Жахаба менен келишим түзүүгө жардам берген. Алар Жахабага гана сыйынабыз деп убада беришкен. Жоят аларга Баалдын ибадатканасын бузуп, буркандарды талкалоону буйруган. Эл кайрадан Жахабага ибадатканада сыйына башташы үчүн, ал дин кызматчылар менен лебилерди кызматка дайындаган. Ибадатканага таза эмес киши кирип кетпеши үчүн, дарбазачыларды да койгон. Анан Жоят менен башчылар Жаашты ак сарайга алпарып, тактыга отургузушкан. Ошондо жүйүт эли абдан кубанган. Эми алар бузуку Аталеянын бийлигинен бошонуп, Баалга сыйынуудан арылып, Жахабага кызмат кыла алышмак. Жояттын эр жүрөк болгону элге кандай пайда алып келгенин байкадыңбы?

«Денени өлтүрүп, жанды өлтүрө албай тургандардан коркпогула. Тескерисинче, жанды да, денени да гээнада жок кыла ала тургандан корккула» (Матай 10:28)