Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

57-САБАК

Жахаба Жеремияны кабар айтууга жиберген

Жахаба Жеремияны кабар айтууга жиберген

Жахаба Жеремияны пайгамбар кылып тандап алган. Анан ага жүйүт элине барып, жаман иштерин токтотууну эскертиши керектигин айткан. Ошондо Жеремия: «Оо, Жахаба, мен сүйлөгөндү билбейм, өтө эле жашмын»,— деген. Бирок Жахаба аны: «Коркпо! Мен сага эмне деп сүйлөшүң керектигин үйрөтүп турам. Сага жардам берем»,— деп бекемдеген.

Ал Жеремияга эл аксакалдарын чогултуп, алардын көзүнчө чопо кумураны талкалап: «Иерусалим ушинтип талкаланат»,— деп айтууну буйрук кылган. Жеремия Жахабанын айткандарын аткарганда, аксакалдар аябай ачууланган. Пашкур деген дин кызматчы болсо аны сабап, колу-бутун жыгач кишен менен кишендеп койгон. Ошондуктан Жеремия түнү менен такыр кыймылдай алган эмес. Пашкур аны эртеси эртең менен бошоткон. Кыйналганынан улам Жеремия: «Мен буга мындан ары чыдай албайм. Болду, кабар айтпайм»,— деген. Ал чындап эле багынып калганбы? Жок. Жеремия жакшылап ойлонгондон кийин: «Жахабанын сөзү жүрөгүмдө алоолонуп күйгөн оттой болду. Мен кабар айтпай коё албайм»,— деген. Ооба, ал элге эскерте берген.

Жылдар өтүп, Жүйүт жеринде жаңы падыша такка келген. Дин кызматчылар менен жалган пайгамбарлар Жеремия айткан кабарды такыр уккусу келген эмес. Алар төрөлөргө: «Бул өлүм жазасына тартылышы керек»,— дешкен. Жеремия болсо: «Эгер мени өлтүрсөңөр, күнөөсүз кишинин канын төккөн болосуңар. Анткени мен силерге өзүмдүн эмес, Жахабанын сөздөрүн айттым»,— деген. Муну укканда төрөлөр: «Бул кишини өлүм жазасына тартууга болбойт»,— деп айтышкан.

Жеремия кабар айта берген. Буга төрөлөрдүн каары кайнап, падышадан аны өлтүрүүнү суранышкан. Падыша аларга Жеремияны өздөрү билгендей жазалоого уруксат берген. Алар аны өлтүрүү үчүн абдан терең, түбү баткак кудукка таштап салышкан. Ошондо Жеремия баткакка бата баштаган.

Ак сарай кызматчысы Эбетмелек падышага барып: «Төрөлөр Жеремияны кудукка таштап салышты. Эгер аны кудуктан алып чыкпасак, өлүп калат»,— деген. Падыша ага 30 кишини ээрчитип барып, Жеремияны кудуктан алып чыгууну буйруган. Биз да эч нерсеге карабай кабар айта берген Жеремиядай болушубуз керектигине кошуласыңбы?

«Менин ысмым үчүн баарына жек көрүндү болосуңар, бирок ким акырына чейин чыдаса, ал куткарылат» (Матай 10:22)