Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

58-САБАК

Иерусалим талкаланган

Иерусалим талкаланган

Жүйүт эли кайра-кайра Жахабадан баш тартып, жалган кудайларга сыйына берген. Ошентсе да Жахаба көп жылдар бою аларга жардам берип келген. Аларга эскертиш үчүн далай жолу пайгамбарларын жиберген. Бирок алар укпай, пайгамбарларды шылдыңдашкан. Бурканга сыйынуучулукту токтотуш үчүн Жахаба эмне кылган?

Бабыл падышасы Небухаданасар улам бир элди басып ала баштаган. Ал биринчи болуп Иерусалимди талкалап, Жаякин падышаны, анын төрөлөрүн, жоокерлерин, усталарды Бабылга туткундап кеткен. Ошондой эле Жахабанын ибадатканасынын казынасындагы буюм-тайымдарды алып кеткен. Анан жүйүт элине Ситкияны падыша кылып дайындаган.

Башында Ситкия Небухаданасарды укчу. Кийин кошуна элдер менен жалган пайгамбарлар ага Бабылга каршы чыгууну кеңеш кылышкан. Бирок Жеремия пайгамбар ага: «Эгер ага каршы чыксаң, Жүйүт жериндегилер кылычтан, ачарчылыктан, жугуштуу оорудан кырылат»,— деп эскерткен.

Сегиз жыл бийлик кылгандан кийин Ситкия Бабылга каршы чыгып, Мисирдин аскерин жардамга чакырган. Ошондо Небухаданасар Иерусалимге аскерин жөнөтүп, аны курчап алган. Жеремия Ситкияга: «Жахаба мындай дейт: „Эгер Бабылга багынып берсең, аман каласың, шаар да талкаланбайт. Ал эми багынбасаң, бабылдыктар Иерусалимди талкалап, сени туткундап кетишет“»,— деген. Бирок Ситкия: «Жок, багынбайм!» — деп койгон.

Бир жарым жылдан кийин бабылдыктар Иерусалимдин дубалын талкалап, шаарга өрт коюп жиберишкен. Алар ибадаткананы да өрттөп, көптөрдү өлтүрүп, миңдегендерди туткундап кетишкен.

Ситкия болсо Иерусалимден качып кеткен. Бабылдыктар артынан кууп жөнөшкөн. Алар аны Жерихо шаарынын жанынан кармап, Небухаданасарга алып барышкан. Небухаданасар Ситкиянын көзүнчө анын уулдарын өлтүрүп, өзүнүн көзүн оюп, түрмөгө камап койгон. Ал ошол жакта өлгөн. Бирок Жахаба жүйүт элине: «70 жылдан кийин силерди кайра Иерусалимге, үйүңөргө алып келем»,— деп убада берген.

Бабылга туткундалып кеткен жаштар эмне болушкан? Алар Жахабага болгон берилгендигин сакташканбы?

«Кудурети Күчтүү Жахаба Кудай, сенин сот өкүмдөрүң туура жана адил» (Аян 16:7)