Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

61-САБАК

Алар айкелге табынышкан эмес

Алар айкелге табынышкан эмес

Айкел жөнүндө түш көргөндөн көп өтпөй Небухаданасар алтындан килейген айкел жасаткан. Анан аны Дур түздүгүнө орнотуп, Бабылдагы бийликке ээ кишилеринин баарын, алардын ичинде Шадрах, Мешах жана Абетнегону айкелдин алдына чогулткан. Падыша баарына мындай буйрук берген: «Сурнай, чоор, цитра, арфа, кыл аспап, үйлөмө аспап жана башка күү аспаптардын үнүн укканыңарда чөгөлөп, айкелге сыйынгыла! Кимде-ким чөгөлөп, сыйынбаса, күйүп жаткан мешке ыргытылат». Үч еврей жигит да айкелге таазим кылышабы же Жахабага гана сыйына беришеби?

Падышанын буйругу менен музыка ойной баштаганда, Шадрах, Мешах, Абетнегодон башкасынын баары айкелге сыйынышкан. Муну айрымдар байкап, падышага: «Баягы үч еврей айкелге сыйынбай койду»,— деп айтып барышкан. Небухаданасар ал үчөөнү чакыртып: «Силерге дагы бир жолу мүмкүнчүлүк берем, айкелге сыйынгыла. Баш тартсаңар, күйүп турган мешке ыргытыласыңар. Менин колуман силерди эч бир кудай куткара албайт»,— деген. Алар болсо: «Бизге мүмкүнчүлүк бербей эле коюңуз. Бизди Кудайыбыз куткарып калат. Ал куткарбаган күндө да, оо, падыша, айкелге сыйынбайбыз»,— деп жооп беришкен.

Ошондо падышанын каары кайнап, кишилерине: «Мешти адаттагыдан жети эсе катуу ысыткыла»,— деп буйрук берген. Анан жоокерлерине: «Аларды байлап, мешке ыргыткыла!» — деген. Меш ушунчалык катуу ысыгандыктан, жоокерлер ага жакын барары менен өлүп калышкан. Үч еврей жигит мешке ыргытылган. Бир убакта падыша мештин ичин карап, үч эмес, төрт киши жүргөнүн көргөн. Анан үрөйү учуп, кызматчыларына: «Отко үч кишини ыргыттык беле? Мен төртөөнү көрүп турам. Бирөө периштеге окшош экен!» — деген.

Ал мешке жакын барып: «Эң Жогорку Кудайдын кызматчылары, мештен чыккыла!» — деп кыйкырган. Баары Шадрах, Мешах, Абетнегонун оттон эч зыян тартпай аман чыкканын көрүп, аябай таң калышкан. Алардын денеси да, чачы да, кийими да күйгөн эмес, атүгүл ыш жыттанган эмес.

Небухаданасар: «Шадрах, Мешах, Абетнеголордун Кудайы улуу Кудай экен. Ал периштесин жиберип, аларды сактап калды. Алардыкындай бир да кудай жок»,— деген.

Ушул үч еврей жигиттей болуп, сен да эч нерсеге карабай Жахабага берилгендигиңди сактайсыңбы?

«Кудайың Жахабага сыйын, ага гана ыйык кызмат кыл» (Матай 4:10)