Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

63-САБАК

Дубалдагы жазуу

Дубалдагы жазуу

Убакыттын өтүшү менен Белшатсар Бабылдын падышасы болгон. Бир жолу түндө ал Бабыл жериндеги аттуу-баштуу миң кишисин чакырып, чоң той өткөргөн. Ал кызматчыларына Небухаданасар Жахабанын ибадатканасынан алып келген алтын идиштерди алып келүүнү буйруган. Анан коноктору менен ошол идиштерден шарап ичип, кудайларын даңкташкан. Ошондо бир кол пайда болуп, алар отурган бөлмөнүн дубалына сырдуу сөздөрдү жаза баштаган.

Белшатсардын үрөйү учкан. Ал көзү ачыктарын чакыртып: «Бул жазуунун маанисин чечмелеп берген кишини падышалыкта үчүнчү башкаруучу кылам»,— деп сөз берген. Бирок алардын бири да муну кыла алган эмес. Ошондо каныша келип: «Небухаданасарга көп нерсенин маанисин чечмелеп берген Даниел деген киши бар. Ал сага бул жазуунун маанисин түшүндүрүп бере алат»,— деген.

Даниел келгенде, Белшатсар ага: «Бул жазууну окуп, түшүндүрүп бере алсаң, мойнуңа алтын жасалга тагып, Бабылда үчүнчү башкаруучу кылам»,— деген. Даниел мындай деген: «Белектериңиз өзүңүздө калсын, ошентсе да сизге жазуунун маанисин чечмелеп берем. Атаңыз Небухаданасар текеберленип кеткенде, Жахаба аны басынткан. Сиз болсо ушунун баарын билип туруп Жахабанын ибадатканасынан алынган алтын идиштерден шарап ичип, аны сыйлабай турганыңызды көрсөттүңүз. Ошон үчүн ал: „Мене, мене, текел жана парсин“,— деп жаздырды. Бул сөздөрдүн мааниси мындай: мадайлыктар менен персиялыктар Бабылды басып алып, сиз падыша болбой каласыз».

Ошол убакта Бабылды эч ким багындыра албачудай көрүнчү. Шаарды калың дубал менен терең дарыя курчап турчу. Бирок так ошол түнү мадайлыктар менен персиялыктар Бабылга кол салышкан. Жоокерлер шаардын дарбазасына барышы үчүн, персиялыктардын Кореш деген падышасы дарыянын суусун башка жакка буруп салган. Жоокерлер дарбазага барышса — ал ачык экен! Ошондо алар шаарды басып алып, падышасын өлтүрүшкөн. Анын ордуна Бабылды Кореш башкара баштаган.

Бир жыл өтүп-өтпөй Кореш элге: «Жахаба мага анын Иерусалимдеги ибадатканасын калыбына келтирүүнү буйрук кылды. Ким анын элинен болсо жана жардам бергиси келсе, өз жерине кайтсын»,— деп жарыялаган. Ошентип, Жахаба убада кылгандай, Иерусалим талкалангандан 70 жыл өткөндөн кийин, жүйүттөрдүн көбү мекенине кайткан. Кореш падыша Небухаданасар ибадатканадан алып кеткен алтын, күмүш идиштерди жана башка буюмдарды кайтарып берген. Жахабанын өз элине жардам бериш үчүн Корешти кантип колдонгонун байкадыңбы?

«Кулады! Улуу Бабыл кулады, ал жиндердин турак-жайына... айланды!» (Аян 18:2)