Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

64-САБАК

Даниел арстандар жаткан орго ыргытылган

Даниел арстандар жаткан орго ыргытылган

Бабылды Дарий деген мадайлык падыша да башкарган. Ал Даниелдин өзгөчө киши экенин көргөн. Ошондуктан аны Бабылдагы чоң кызматта иштеген кишилердин башчысы кылган. Бирок ал кишилердин Даниелге ичи күйүп, аны өлтүргүсү келген. Алар Даниелдин Жахабадан күн сайын үч маал тиленерин билишчү. Ошон үчүн Дарийге барып: «Оо, падыша, ар бир адам тиленгенде сизге гана кайрылсын деп мыйзам чыгарыңыз. Ким ал мыйзамга баш ийбесе, арстандар жаткан орго ташталсын»,— дешкен. Бул сунуш жаккандыктан Дарий мыйзамга кол койгон.

Даниел жаңы мыйзам чыкканын угар замат үйүнө барган. Анан терезелери ачык турган бөлмөсүндө чөгөлөп, Жахабадан тиленген. Ичи тар баягы кишилер үйүнө кирип барып, аны Кудайынан тиленип жаткан жеринен кармап алышкан. Алар Дарийге чуркап барып: «Даниел сизге баш ийбей, күнүнө үч жолу Кудайынан тиленип жатат»,— дешкен. Дарий Даниелди жакшы көргөндүктөн өлүшүн каалаган эмес. Ал бир күн кечке аны аман алып калуунун жолун издеген. Бирок кол коюлган мыйзамды атүгүл падыша да өзгөртө албайт болчу. Ошондуктан ал аргасыздан Даниелди ач арстандар жаткан орго ыргытууну буйруган.

Даниелди ойлоп сарсанаа болгондуктан ошол түнү Дарий уктабай чыккан. Эртеси таң заарда орго чуркап барып: «Даниел, Кудайың сени сактап калдыбы?» — деп сураган.

Ошондо бирөөнүн үнү угулган. Ал Даниелдин үнү эле! Ал падышага: «Жахабанын периштеси арстандардын оозун жаап койгондуктан, мага зыян келтиришкен жок»,— деген. Падыша сүйүнүп, аны ордон чыгарууну буйруган. Даниелдин эч жери эч нерсе болбоптур. Анан падыша: «Даниелди күнөөлөгөн кишилерди орго таштагыла»,— деп буйруган. Алар орго ыргытылып, арстандарга жем болушкан.

Дарий бүт элге буйрук берип: «Ар бир адам Даниелдин Кудайынан корксун. Ал Даниелди арстандардын азуусунан сактап калды»,— деп жазган.

Сен да Даниелдей болуп, Жахабадан күнүгө тиленесиңби?

«Жахаба Өзүнө берилген адамдарды сыноодон кантип куткарууну... билет» (2 Петир 2:9)