Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

65-САБАК

Эстер элин аман алып калган

Эстер элин аман алып калган

Эстер деген жүйүт кыз Персиядагы Шушан шаарында жашаган. Бир топ жыл мурун Небухаданасар падыша анын ата-бабасын Иерусалимден туткундап кеткен болчу. Эстер Персия падышасы Акашберошко кызмат кылган аталаш тууганы Мордохайдын колунда чоңойгон.

Күндөрдүн биринде Акашберош падыша жаңы каныша тандоону чечкен. Ошондуктан кызматчылары өлкөдөгү абдан сулуу кыздарды, анын ичинде Эстерди да ага алып келишкен. Падыша алардын ичинен Эстерди тандап алган. Мордохай Эстерге өзүнүн жүйүт экенин эч кимге айтпоону буйруган.

Аман деген текебер киши падышанын бардык төрөлөрүнүн башчысы болчу. Ал баарынын өзүнө таазим кылышын каалаган. Бирок Мордохай таазим кылбай койгон. Буга Аман каарданып, аны өлтүргүсү келген. Ал Мордохайдын жүйүт экенин билгенде өлкөдөгү бардык жүйүттөрдү өлтүрүүнү ойлонуштурган. Анан падышага: «Жүйүттөр — аябай коркунучтуу эл. Аларды жок кылыш керек»,— деген. Акашберош: «Мейли, каалаганыңдай кыл» — деп, ага мыйзам чыгарууга бийлик берген. Аман Персиянын тургундарына адар айынын 13-күнү бүт жүйүттөрдү кырууга жол берген мыйзам чыгарган. Бирок Жахаба баарын көрүп турган.

Эстер каныша ал мыйзам тууралуу эч нерсе билген эмес. Мордохай мыйзамдын көчүрмөсүн ага берип жиберип: «Барып, падыша менен сүйлөш»,— деген. Эстер: «Падышага чакырылбай туруп кирген ар бир киши өлүм жазасына тартылат. Мени падыша чакыртпаганына 30 күн болду. Ошентсе да барайын. Эгер ал алтын таягын сунса, аман калам. Сунбаса, өлөм»,— деген.

Эстер ак сарайдын короосуна барган. Падыша аны көрүп, алтын таягын сунган. Эстер жанына барганда, андан: «Сага эмне кылып берейин, Эстер каныша?» — деп сураган. Эстер: «Бүгүн Аман экөөңөрдү конокко чакырайын дегем»,— деп жооп берген. Тамак ичип отурушканда Эстер аларды дагы конокко чакырган. Экинчи жолу конокко барганда падыша: «Сага эмне кылып берейин?» — деп дагы сураган. Каныша: «Бирөө мени да, элимди да өлтүргөнү жатат. Суранам, бизди аман алып кал»,— деген. Падыша: «Ал ким экен?» — деп сураганда, Эстер: «Мобул кара өзгөй Аман!» — деген. Ошондо падыша абдан каарданып, Аманды өлтүрүүнү буйруган.

Бирок Аман чыгарган мыйзамды эч ким, атүгүл падыша да жокко чыгара алмак эмес. Ошон үчүн падыша Мордохайды төрөлөрүнө башчы кылып дайындап, ага жаңы мыйзам чыгарууга бийлик берген. Мордохай жүйүттөргө аларды өлтүргүсү келген душмандардан коргонууга уруксат берген мыйзам чыгарган. Ошентип, адар айынын 13-күнү жүйүттөр душмандарын жеңишкен. Ошондон тартып алар жыл сайын ошол жеңишти белгилей баштаган.

«Мен үчүн силерди башкаруучулар менен падышалардын алдына сүйрөп барышат. Бул аларга жана башка элдерге күбөлөндүрүшүңөр үчүн болот» (Матай 10:18)