Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

66-САБАК

Эзра элге Кудайдын Мыйзамын үйрөткөн

Эзра элге Кудайдын Мыйзамын үйрөткөн

Ысрайылдыктардын көбүнүн Иерусалимге кайтып барганына 70 жылдай болуп калган. Анткен менен айрымдары дагы эле Персия империясынын ар кайсы жеринде жашап жатышкан. Алардын бири элге Жахабанын Мыйзамын үйрөткөн Эзра деген дин кызматчы болгон. Ал Иерусалимде жашагандардын Кудайдын мыйзамдарын аткарбай жатканын угуп, аларга жардам бергиси келген. Персия падышасы Артакшашта ага: «Элге Кудайдын Мыйзамын үйрөтүшүң үчүн, ал сага акылмандык берген. Сени менен баргысы келген кишилердин баарын алып, жолго чыга бер»,— деген. Эзра Иерусалимге баргысы келгендер менен жолуккан. Алар Жахабадан алыс жолдо коргошун сурап тиленгенден кийин жолго чыгышкан.

4 айдан кийин алар Иерусалимге жетишкен. Ал жактагы төрөлөр Эзрага: «Ысрайылдыктар Жахабага баш ийбей, жалган кудайларга сыйынган аялдарга үйлөнүп алышты»,— дешкен. Эзра эмне кылган? Ал элдин көзүнчө тизелеп: «Жахаба, сен бизге көп жакшылык кылып келатасың. Биз болсо сага каршы күнөө кылып жатабыз»,— деп тиленген. Эл күнөөсү үчүн өкүнсө да, дагы деле оңолушу керек болгон жактары бар болчу. Ошондо Эзра ишти кароого эл аксакалдары менен сотторду дайындаган. Кийинки үч айдын ичинде Жахабага сыйынбагандарды ал жактан кетиришкен.

Арадан 12 жыл өткөн. Ал ортодо Иерусалимдин дубалы тургузулуп бүткөн. Эзра бир күнү Кудайдын Мыйзамын окуп бериш үчүн элди аянтка чогулткан. Ал китепти ачканда, эл ордунан турган. Эзра Жахабаны даңктаганда, алар колдорун көтөрүп, макулдугун билдиришкен. Эзра Мыйзамды окуп-түшүндүрүп жатканда, эл аны кунт коюп уккан. Алар Жахабадан алыстап кетишкенин мойнуна алып, ыйлашкан. Эртеси Эзра Мыйзам китебинен дагы окуп берген. Ошондо алар Алачык майрамын жакында белгилеши керектигин түшүнүп, дароо даярдык көрө башташкан.

Эл 7 күн майрамдап, кубанып-шаттанып, мол түшүм бергени үчүн Жахабага ыраазычылык билдирген. Жашыянын күндөрүнөн бери бул майрам ушундай деңгээлде өткөрүлө элек болчу. Майрамдан кийин эл чогулуп, мындай деп тиленген: «Жахаба, сен бизди кулчулуктан алып чыккансың, чөлдө кам көрүп келгенсиң жана бул кооз жерди бизге бергенсиң. Бирок биз мыйзамдарыңды кайра-кайра бузуп келатабыз. Бизге эскертиш үчүн пайгамбарларыңды жибердиң, биз болсо кулак каккан жокпуз. Сен болсо дагы эле чыдап, Ыбрайымга берген убадаңды аткарып келатасың. Эми сага баш иебиз деп сөз беребиз». Алар убадасын жазып, ага төрөлөр, лебилер, дин кызматчылар мөөр басышкан.

«Кудайдын сөзүн угуп, аны аткаргандар бактылуу!» (Лука 11:28)