Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

68-САБАК

Элизабет уул төрөгөн

Элизабет уул төрөгөн

Иерусалимдин дубалы кайра тургузулгандан 400 жылдан ашуун убакыт өткөндөн кийин, шаардын жанында Закарыя деген дин кызматчы менен аялы Элизабет жашаган. Экөөнүн баш кошконуна көп жыл болсо да, балалуу болушкан эмес. Бир жолу Закарыя ибадаткананын ыйык жайында жыпарзат түтөтүп жатканда, Жебирейил периште пайда болгон. Аны көргөндө Закарыя коркуп кеткен. Бирок периште ага: «Коркпо. Мен Жахабадан жакшы кабар алып келдим. Аялың Элизабет уул төрөп, атын Жакан коёсуң. Жахаба аны өзгөчө ишти аткарууга тандап алды»,— деген. Закарыя: «Буга кантип ишенем? Мен да, аялым да карып калбадыкпы»,— деп айткан. Периште: «Кудай мени ушул жакшы кабарды айтышым үчүн жиберди. Бирок сен мага ишенбей койдуң. Ошон үчүн тилден калып, бала төрөлгөнгө чейин сүйлөбөйсүң»,— деген.

Закарыя ыйык жайда демейдегиден көбүрөөк кармалган. Ошондуктан сыртка чыкканда, күтүп турган эл эмне болгонун билгиси келген. Бирок Закарыя сүйлөй албай койгон. Ал эмне болгонун жаңсап түшүндүрүп берген. Ошондо эл анын Кудайдан кабар укканын түшүнгөн.

Убакыттын өтүшү менен Элизабеттин боюна бүтүп, периште айткандай, уул төрөгөн. Достору менен туугандары баланы көргөнү келип, анын кубанычын тең бөлүшкөн. Элизабет: «Уулубуздун атын Жакан коёбуз»,— дегенде, алар: «Туугандарыңдын арасында мындай аты бар эч ким жок го. Ага атасы Закарыянын ысмын койбойсуңбу»,— дешкен. Бирок Закарыя тактайчага: «Аты — Жакан»,— деп жазган. Ошол замат ал кайрадан сүйлөй баштаган. Алардын баласы жөнүндө бүт Жүйүт жериндегилер угушкан. Уккандардын баары: «Бул бала ким болор экен?» — деп ойлонушкан.

Закарыя ыйык рухка толуп, мындай деп пайгамбарлык кылган: «Жахаба даңкталсын! Ал бизди куткарыш үчүн куткаруучуну, Машаякты, жиберерин Ыбрайымга убада кылган. Жакан пайгамбар болот жана Машаякка жол даярдайт».

Ошол убакта Элизабеттин сиңдиси Мариямдын жашоосунда да бир өзгөчө окуя болгон. Бул жөнүндө кийинки бөлүмдөн билебиз.

«Бул адамдардын колунан келбейт, ал эми Кудайдын колунан келбеген эч нерсе жок» (Матай 19:26)