Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

69-САБАК

Жебирейил периште Мариямга көрүнгөн

Жебирейил периште Мариямга көрүнгөн

Элизабеттин сиңдиси Мариям Галилеядагы Назарет шаарында жашачу. Ал Жусуп деген жыгач уста менен баш кошууга убадалашып койгон эле. Элизабеттин боюна бүткөнүнө 6 ай болгондо, Жебирейил периште Мариямга көрүнүп: «Саламатсыңбы, Мариям! Сен Жахабанын ырайымына ээ болдуң»,— деген. Мариям анын сөздөрүнүн маанисин түшүнгөн эмес. Ошондо периште: «Боюңа бүтүп, уул төрөйсүң, атын Иса коёсуң. Ал Падыша болот. Анын Падышалыгы түбөлүккө турат»,— деген.

Мариям: «Мен күйөөгө тие элекмин да. Кантип балалуу болом?» — деп сураган. Периште: «Жахаба кыла албаган эчтеке жок. Үстүңө ыйык рух түшүп, уул төрөйсүң. Тууганың Элизабеттин да боюна бүттү»,— деп айткан. Ошондо Мариям: «Мен Жахабанын кулумун! Мен жөнүндө айткандарыңдын баары аткарылсын»,— деген.

Көп өтпөй Мариям тоолуу аймактагы шаарда жашаган Элизабеттикине жөнөгөн. Ал аныкына барып, учурашканда, Элизабеттин ичиндеги баласы туйлап жиберген. Элизабет ыйык рухка толуп: «Мариям, Жахаба сага батасын берди. Үйүмө Машаяктын энесинин келгени мен үчүн зор сыймык»,— деген. Мариям болсо: «Мен Жахабаны бүт жүрөгүм менен даңктайм»,— деп айткан. Ал эжесинин жанында үч айдай жүргөндөн кийин үйүнө, Назаретке кайткан.

Мариямдын боюнда бар экенин билгенде Жусуп аны менен ажырашууну ойлогон. Бирок түшүндө периште көрүнүп: «Ага үйлөнгөндөн коркпо. Ал туура эмес эч нерсе кылган жок»,— деген. Ошондуктан Жусуп Мариямга үйлөнүп, аны үйүнө алып келген.

«Жахаба эмнени кааласа, ошонун баарын асман менен жерде... ишке ашырган» (Забур 135:6)