Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

71-САБАК

Жахаба Исаны коргогон

Жахаба Исаны коргогон

Ысрайылдын чыгышында жылдыздар жол көрсөтөт деп ишенген кишилер жашаган. Алардын айрымдары бир жолу түндө асмандан жылдызга окшогон бир нерсенин жылып баратканын көрүп, артынан жөнөшкөн. «Жылдыз» аларды Иерусалимге алып барган. Алар элге: «Жүйүттөргө падыша боло турган жаңы төрөлгөн бала кайда? Биз ага таазим кылганы келдик»,— дешкен.

Жаңы падыша төрөлгөнүн укканда Иерусалимдин падышасы Ироддун тынчы кете баштаган. Ал жогорку дин кызматчылардан: «Жаңы падыша каякта төрөлөт эле?» — деп сураган. Алар: «Пайгамбарлар анын Бетлехемде төрөлөрүн айтышкан»,— деп жооп беришкен. Ошондо Ирод чыгыштан келген кишилерди чакыртып: «Бетлехемге баргыла да, баланы жакшылап издегиле. Анан кайра келип, анын каякта экенин мага айткыла. Мен да барып, ага таазим кылайын»,— деп буйруган. Бирок ал калп айтып жаткан эле.

«Жылдыз» Бетлехемди көздөй жыла баштаган. Тиги кишилер артынан жөнөгөн. «Жылдыз» бир үйгө келип токтогондо, алар үйгө кирип, бала менен анын энеси Мариямды көрүшкөн. Алар балага таазим кылып, ладан, мирра деген жыпарзаттарды, алтын тартуу кылышкан. Ал кишилерди Исага Жахаба жөнөттү беле? Жок.

Ошол түнү Жахаба Жусупка түшүндө: «Ирод Исаны өлтүргөнү жатат. Бала менен анын энесин алып, Мисирге кач. Мен айтканга чейин, ошол жерде бол»,— деген. Ошол замат Жусуп үй-бүлөсүн алып, Мисирге жөнөгөн.

Жахаба чыгыштан келген кишилерге Иродго кайтып барбоону эскерткен. Алардын кайтып келбесин түшүнгөндө Ирод каарданган. Исаны таппай турганын билгендиктен ал Бетлехемдеги Иса теңдүү эркек балдардын баарын өлтүрүүнү буйруган. Ал эми Иса тээ Мисирде болчу.

Убакыттын өтүшү менен Ирод өлгөн. Ошондо Жахаба Жусупка: «Эми мекениңе кайтып бара берсең болот»,— деген. Жусуп Мариям менен баланы алып, Ысрайылга кайтып келген. Алар Назарет деген шаарда жашап калышкан.

«Менин оозуман чыккан сөз... эмнеге жиберсем, ошону ишке ашырат» (Ышая 55:11)