Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

72-САБАК

Исанын бала чагы

Исанын бала чагы

Жусуп менен Мариям Назарет шаарында жашаган. Алардын Исадан башка дагы уул-кыздары болгон. Жусуп үй-бүлөсүн багыш үчүн жыгач уста болуп иштечү. Ошондой эле ал үйүндөгүлөрүнө Жахаба жана анын мыйзамдары тууралуу айтып бере турган. Алар Жахабага сыйыныш үчүн дайыма синагогага барышчу. Ал эми жыл сайын Иерусалимге Пасах майрамына барып турушчу.

Иса 12 жашка чыкканда, алар адаттагыдай эле Иерусалимге майрамга барышкан. Шаар Пасахка келген адамдарга жык толуп калган. Майрам бүткөндөн кийин, Жусуп менен Мариям жолго чыккан. Алар Исаны башкалар менен келатат деп ойлошкон. Бирок аны туугандарынын арасынан издеп, таппай коюшкан.

Ошондо алар кайра Иерусалимге барып, үч күн бою уулун издешкен. Акыры, ибадатканага барышкан. Иса окутуучулардын ортосунда алардын айткандарын кунт коюп угуп, маңыздуу суроолорду берип отурган. Окутуучулар анын айткандарына абдан таң калып, суроолорду беришкен. Анын берген жооптору да аларды таасирленткен. Алар Исанын Жахабанын Мыйзамын жакшы түшүнөрүн көрүшкөн.

Жусуп менен Мариям абдан сарсанаа болушкан. Мариям: «Балам, атаң экөөбүз сени издебеген жерибиз калган жок. Каякта жүрдүң?» — деген. Иса болсо: «Менин Атамдын үйүндө болушум керектигин билген эмес белеңер?» — деп айткан.

Ошентип, Иса алар менен Назаретке кайтып келген. Жусуп аны жыгач устачылыкка үйрөткөн. Иса кандай бала болгон деп ойлойсуң? Ал чоңойгон сайын акылмандыгы артып, Кудайдын да, адамдардын да жактыруусуна ээ боло берген.

«Оо, Кудайым, сенин эркиңди аткаруудан ырахат алам, мыйзамың менин жүрөгүмдө» (Забур 40:8)