Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

73-САБАК

Жакан жол даярдаган

Жакан жол даярдаган

Закарыя менен Элизабеттин уулу Жакан чоңойгондо пайгамбар болгон. Жахаба ал аркылуу элге Машаяк келерин айткан. Жакан синагогаларда же шаарларда эмес, ээн талаада кабар айткан. Аны угуу үчүн элдер Иерусалимден жана бүт Жүйүт аймагынан келишчү. Ал аларга Кудайга жагыш үчүн жаман иш кылганын токтотушу керектигин айтчу. Жаканды уккандан кийин көптөр күнөөлөрү үчүн өкүнүшкөн жана ал аларды Иордан дарыясында чөмүлдүргөн.

Жакан жөнөкөй жашаган. Ал төөнүн жүнүнөн жасалган кийим кийип, чегиртке жана жапайы аарынын балын жечү. Адамдар ал жөнүндө билүүнү аябай каалашкан. Атүгүл текебер фарисейлер менен садукейлер да аны көргөнү келишкен. Жакан аларга мындай деген: «Туура эмес иштериңерди таштап, өкүнүшүңөр керек. Ыбрайымдын уулдары болгонуңар үчүн эле өзгөчөбүз деп ойлобогула. Ошол үчүн эле Кудайдын уулдары болуп калбайсыңар».

Көптөр Жаканга келип: «Кудайга жагыш үчүн эмне кылышыбыз керек?» — деп сурашкан. Ал аларга: «Кимдин эки кийими бар болсо, бирөөнү кийими жокко берсин»,— деген. Эмне үчүн ошентип айтканын билесиңби? Ал алардын Кудайга жагыш үчүн адамдарды жакшы көрүшү керектигин түшүнүшүн каалаган.

Жакан салык жыйноочуларга: «Чынчыл болгула, эч кимди алдабагыла»,— деген. Ал эми аскерлерге: «Пара албагыла, калп айтпагыла»,— деп айткан.

Дин кызматчылар менен лебилер да келип, Жакандан: «Сен жөнүндө баары билгиси келип жатат, сен кимсиң?» — деп сурашкан. Ал: «Мен, Ышая пайгамбар алдын ала айткандай, ээн талаада жар салып, элди Жахабага алпара турган кишимин»,— деп жооп берген.

Жакандын айткандары адамдарга аябай жаккан. Көптөр аны Машаяк окшойт деп ойлошкон. Бирок ал аларга: «Менин артыман менден улуу бирөө келатат. Мен анын сандалынын боосун чечүүгө да татыксызмын. Мен силерди сууга чөмүлдүрөм. Ал болсо ыйык рухка чөмүлдүрөт»,— деген.

«Ал күбөлөндүргөнү, ар кандай адамдар анын айткандарынын негизинде ишенип калышы үчүн, жарык жөнүндө күбөлөндүргөнү келди» (Жакан 1:7)