Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

74-САБАК

Исанын Машаяк болушу

Исанын Машаяк болушу

Жакан: «Менден улуу бирөө келатат»,— деп жар салып келген болчу. Иса 30дарга чыгып калганда Иордан дарыясына барган. Ал жерде Жакан элди чөмүлдүрүп жаткан. Иса Жакандын аны да чөмүлдүрүшүн каалаган, бирок Жакан ага: «Мен сени эмес, сен мени чөмүлтүшүң керек да!» — деген. Ошондо Иса: «Жахаба сенин мени чөмүлдүрүшүңдү каалап жатат»,— деп айткан. Анан экөө Иордан дарыясына киришкен да, Жакан аны сууга чөмүлдүргөн.

Анан Иса тиленген. Ошондо асман ачылып, Кудайдын руху көгүчкөн сыяктуу болуп анын үстүнө түшкөн. Анан асмандан Жахаба: «Сен менин сүйүктүү Уулумсуң, мен сени колдойм»,— деп сүйлөгөн.

Жахабанын ыйык руху Исанын үстүнө түшкөндө, ал Машаяк болгон, башкача айтканда, майланган. Ошондон тартып ал Жахаба тапшырган ишке киришкен.

Иса чөмүлгөндөн кийин дароо эле чөлгө барып, ал жерде 40 күн болгон. Ал жактан келгенде Жаканга жолукканы барган. Иса келатканда, Жакан: «Мына, Кудайдын Козусу! Ал бул дүйнөнү күнөөдөн арылтат»,— деген. Ошентип айтуу менен ал элге Исанын Машаяк экенин көрсөткөн. Иса чөлдө жүргөндө, эмне болгонун билесиңби? Кел, окуп көрөлү.

«Асмандан: „Сен менин сүйүктүү Уулумсуң. Мен сени колдойм“,— деген үн угулду» (Марк 1:11)