Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

75-САБАК

Ибилис Исаны сынаган

Ибилис Исаны сынаган

Иса чөмүлгөндөн кийин, Кудай ыйык руху менен аны чөлгө алып барган. Ал 40 күн бою эч нерсе жебегендиктен аябай ачка болгон. Ошондо Ибилис аны сынаганы келип: «Эгер чын эле Кудайдын Уулу болсоң, анда бул таштарга нанга айланууну буйрук кылчы»,— деген. Бирок Иса ага: «Ыйык Китепте: „Адамга тамактан да маанилүү нерсе керек. Ал Жахабанын ар бир сөзүн угушу зарыл“,— деп жазылган»,— деп жооп берген.

Андан соң Ибилис аны: «Эгерде Кудайдын Уулу болсоң, ибадаткананын эң бийик жеринен секирчи, анткени Ыйык Жазмада: „Ал өзүнүн периштелерин жиберип, сени кармап калат“,— деп жазылбады беле»,— деп азгырган. Бирок Иса кайра Ыйык Жазмадагы сөздөрдү айтып: «„Кудайың Жахабаны сынаба“,— деп да жазылган»,— деген.

Андан кийин Шайтан Исага дүйнөдөгү бардык падышалыктарды жана алардын байлыгын, даңкын көрсөтүп: «Мага бир эле жолу сыйынып койсоң, ушунун баарын сага берем»,— деп айткан. Бирок Иса: «Кет жанымдан, Шайтан! Анткени Ыйык Жазмада: „Кудайың Жахабага гана сыйын“,— деп жазылган»,— деп жооп берген.

Ошондо Ибилис анын жанынан кеткен. Исага болсо периштелер келип, тамак беришкен. Ошондон баштап Иса Падышалык жөнүндө жакшы кабар айта баштаган. Ал жерге ошол ишти аткарыш үчүн жиберилген болчу. Көптөр Исанын айткандарын аябай жакшы көрүшчү, ошондуктан ал каякка барса да, аны ээрчип алышчу.

«[Шайтан] жалган сүйлөгөндө өзүнүн табияты боюнча сүйлөйт, себеби ал — жалганчы жана жалгандын атасы» (Жакан 8:44)