Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

76-САБАК

Исанын ибадаткананы тазалашы

Исанын ибадаткананы тазалашы

Биздин замандын 30-жылы жазында Иса пайгамбар Иерусалимге барган. Көптөр ал шаарга Пасах майрамын белгилеш үчүн келген эле. Майрам учурунда алар жаныбарларды курмандыкка чалышчу. Кээ бирлер курмандыкка чала турган малын ала барышса, башкалары Иерусалимден сатып алышчу.

Иса ибадатканада жаныбарларды сатып жаткандарды көргөн. Алар Жахабанын үйүнө, ага сыйына турган жерге, барып алып акча таап жатышкан! Ошондо Иса эмне кылган? Аркандан камчы жасап алып, ибадатканадан койлорду жана бодо малды кууп чыккан. Ал акча алмаштыруучулардын үстөлдөрүн көңтөрүп, тыйындарын чачып салган. Анан көгүчкөн саткандарга: «Буларды бул жерден алып кеткиле! Атамдын үйүн соода үйүнө айлантпагыла!» — деген.

Ибадатканадагылар Исанын кылганына таң калышкан. Анын шакирттери Машаяк жөнүндө айтылган: «Жахабанын үйү үчүн күйүп-бышам»,— деген пайгамбарлыкты эстешкен.

Кийинчерээк биздин замандын 33-жылы Иса ибадаткананы экинчи жолу тазалаган. Ал эч кимге Атасынын үйүн тебелеп-тепсеткиси келген эмес.

«Бир эле учурда Кудайга да, байлыкка да кул боло албайсыңар» (Лука 16:13)