Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

79-САБАК

Иса көп керемет жасаган

Иса көп керемет жасаган

Иса жерге Кудайдын Падышалыгы жөнүндө кабар айтуу үчүн келген. Кийин Падыша болгондо эмнелерди кыларын көрсөтүшү үчүн, Жахаба ага кереметтерди кылууга ыйык рух берген. Ошондуктан Иса бардык ооруларды айыктыра алган. Ал каякка барбасын, эл ага жардам сурап келчү, ал аларды айыктырчу. Көрбөгөндөр көрүп, укпагандар угуп, баспагандар басып, ичинде жини барлар айыккан. Ал тургай, анын кийиминин этегине тийип эле койгондор айыгып калчу. Иса каякка барбасын, эл аны ээрчип ала турган. Атүгүл жалгыз болгусу келгенде да Иса башкаларга көңүл бөлгөн.

Бир жолу Иса токтогон үйгө бир шал оорулуу кишини алып келишкен. Бирок үйгө эл толуп калгандыктан, аны алып кире албай коюшкан. Ошондуктан үйдүн үстүн тешип, ал кишини Исага төбөдөн түшүрүшкөн. Иса ал кишиге: «Ордуңан туруп, бас»,— дегенде, ал басып кеткен. Буга эл аябай таң калган.

Дагы бир күнү Иса бир кыштакка кирип келатканда, пес оорулуу он киши алыстан: «Иса, бизге жардам бере көр!» — деп кыйкырышкан. Ал кезде пес оорулуу кишилерге башкаларга жакын жологонго тыюу салынган болчу. Иса аларга ибадатканага барышы керектигин айткан. Себеби Жахабанын Мыйзамында пес оорусунан айыккандар ошентиши керектиги айтылган эле. Алар жолдо баратканда айыгып калышкан. Он кишинин бирөө айыгып калганын көргөндө Исага барып, рахмат айткан жана Кудайды даңктаган. Он кишинин ичинен ал гана Исага ыраазычылык билдирген.

Бир аял 12 жылдан бери оорусунан айыга албай абдан кыйналып жүргөн. Ал топ элди аралап келип, Исанын артынан кийиминин этегине колун тийгизген. Анан ошол замат айыгып калган. Ошондо Иса: «Мага ким колун тийгизди?» — деп сураган. Аял аябай коркуп кеткен, бирок Исага барып, эмне кылганын айтып берген. Иса аны сооротуп: «Кызым, тынчтык менен бара бер»,— деген.

Жайыр деген бир аскер башчы Исага келип: «Кызым катуу ооруп жатат. Үйүмө барып, аны айыктырчы»,— деп суранган. Бирок Иса анын үйүнө жеткиче, кыз каза болуп калган. Жайырдын үйүнө барганда Иса катуу ыйлап жаткан адамдарды көргөн. Ал аларга: «Ыйлабагыла, кыз уктап жатат»,— деген. Анан кызды колунан кармап: «Кызым, тур!» — деп айткан. Кыз ошол замат ордунан турган. Иса анын ата-энесине ага жегенге бирдеме бериши керектигин айткан. Кызы тирилгенде, ата-энесинин канчалык сүйүнгөнүн элестетсең!

«Кудай аны ыйык руху, күчү менен майлаган. Иса бүт өлкөнү кыдырып, элге жакшылык кылып, Ибилистин айынан кыйналып жүргөндөрдүн баарын айыктырган, анткени Кудай аны менен болгон» (Элчилер 10:38)