Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

81-САБАК

Тоодо айткан насааты

Тоодо айткан насааты

Иса Машаяк 12 элчисин тандагандан кийин тоого барган. Ал жакта көп эл чогулган эле. Алар Галилеядан, Жүйүт жеринен, Тирден, Сидондон, Сириядан жана Иордандын аркы өйүзүнөн келишкен. Алар ар кандай оорулардан азап чеккендерди жана ичине жин кирип алган адамдарды алып келишкен. Иса алардын баарын айыктырган. Анан бийигирээк жерге отуруп, элди окута баштаган. Ал аларга Кудайдын досу болуш үчүн эмне кылыш керектигин түшүндүрүп берген. Ан үчүн Жахабанын жардамына муктаж экенибизди түшүнүшүбүз жана аны сүйүшүбүз керек. Эгер башка адамдарды сүйбөсөк, Кудайды сүйө албайбыз. Биз ар бир адамга, атүгүл душманыбызга да жылуу-жумшак, калыс мамиле кылышыбыз керек.

Иса мындай деген: «Досторуңарды эле сүйгөнүңөр жетишсиз. Силер душманыңарды да сүйүп, чын жүрөктөн кечиришиңер керек. Эгер кимдир бирөө менен таарыныша кетсеңер, дароо барып, кечирим сурагыла. Өзүңөргө кандай мамиле кылышын кааласаңар, силер да башкаларга ошондой мамиле кылгыла».

Иса акчага байланыштуу да жакшы кеңештерди берген. Ал мындай деп айткан: «Көп акчаңар болгонго караганда Жахаба менен дос болгонуңар маанилүү. Акчаңарды уурулар уурдап кетиши мүмкүн, ал эми Жахаба менен болгон достугуңарды эч ким уурдай албайт. Эмне жейбиз, эмне ичебиз, эмне киебиз деп тынчсызданбагыла. Чымчыктарды карасаңар, Кудай алардын азыгы болушу үчүн дайыма кам көрөт. Тынчсыздануу менен өмүрүңөрдү бир күнгө да узарта албайсыңар. Жахаба силердин эмнеге муктаж экениңерди билерин унутпагыла».

Эл Исадай окуткан эч кимди көрө элек болчу. Диний жетекчилер ал айткан нерселерди окутушкан эмес. Иса эмне үчүн улуу окутуучу болгон? Анткени ал окуткан нерселердин баары Жахабадан болчу.

«Менин моюнтуругумду алып, менден үйрөнгүлө, анткени мүнөзүм жумшак, жүрөгүм момун. Ошондо жаныңар сергийт» (Матай 11:29)