Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

82-САБАК

Иса шакирттерине кантип тиленүү керектигин үйрөткөн

Иса шакирттерине кантип тиленүү керектигин үйрөткөн

Фарисейлер баарын адамдарды таасирлентиш үчүн кылышкан. Жакшылык кылса да, аны башкаларга көрсөтүп жасашчу. Баары көрсүн деп эл көп жерлерге барып тиленишчү. Узун тиленүүлөрдү жаттап алып, синагогаларда жана көчөлөрдүн кесилиштеринде элге угуза тиленишчү. Ошондуктан Иса пайгамбардын сөздөрүн укканда адамдар таң калышкан. Ал мындай деген: «Фарисейлердей болуп тиленбе. Алар көп сөз айтуу Кудайга жагат деп ойлошот, бирок бул Кудайга жакпайт. Тиленүү — сени менен Жахабанын ортосундагы жекече сүйлөшүү. Тиленгенде окшош эле нерселерди айта бербе. Жахаба сенин жүрөгүңдөгү нерселерди айтып тиленишиңди каалайт.

Ошондой эле мындай деп тиленгиле: „Асмандагы Атабыз, ысмың ыйыкталсын. Падышалыгың келсин. Асмандагыдай эле, жерде да сенин эркиң аткарылсын“». Иса Кудайдан күнүмдүк тамак беришин, күнөөлөрүбүздү кечиришин жана башка нерселерди сурасак болорун да айткан.

Ал дагы мындай деген: «Тиленгениңерди эч качан токтотпогула. Асмандагы Атаңар Жахабадан жакшы нерселерди дайыма сурагыла. Ар бир ата-эне баласына жакшы нерсе бергиси келет. Эгер уулу нан сураса, таш береби? Же балык сураса, жылан береби?»

Андан кийин Иса бул мисалынын маанисин мындайча түшүндүрүп берген: «Эгер силер балдарыңарга жакшы белектерди бергенди билсеңер, анда асмандагы Атаңар Жахаба силерге ыйык рухун кантип бербей койсун?! Болгону, сурашыңар керек». Сен ушундай кыласыңбы? Сен эмнелер жөнүндө тиленесиң?

«Сураганыңарды токтотпогула, ошондо силерге берилет; издегениңерди токтотпогула, ошондо табасыңар; тыкылдатканыңарды токтотпогула, ошондо силерге эшик ачылат» (Матай 7:7)