Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

84-САБАК

Исанын суунун үстүнөн басышы

Исанын суунун үстүнөн басышы

Иса пайгамбар оорулууларды айыктырып, өлгөндөрдү тирилткенден тышкары, шамалды жана жаанды да башкара алган. Ал тоодо тиленип бүткөндөн кийин Галилея деңизинде бороон-чапкын болуп жатканын көргөн. Ошол учурда элчилери кайыкта бороон-чапкын менен алышып жатышкан. Иса тоодон түшүп келген да, суунун үстү менен аларды көздөй баскан. Элчилер бирөөнүн суунун үстүнөн басып келатканын көргөндө үрөйү учуп, коркуп кетишкен. Бирок Иса аларды: «Коркпогула, бул менмин»,— деп тынчтандырган.

Ошондо Петир: «Мырзам, эгер сен болсоң, буйрук берчи, сага суунун үстү менен басып барайын»,— деген. Иса ага: «Кел!» — деп айткан. Алай-дүлөй болуп жатканда, Петир кайыктан түшүп, суунун үстү менен Исаны көздөй жөнөгөн. Бирок Исанын жанына жетейин деп калганда шамалды көрүп коркуп кеткен. Анан чөгө баштаганда: «Мырзам, мени сактай көр!» — деп кыйкырган. Иса дароо колун сунуп, аны кармап калган да: «Эмне үчүн шектендиң? Ишенимиң кайда?» — деген.

Экөө кайыкка түшөрү менен, шамал басылып калган. Ошондо элчилердин кандай сезимде болгонун элестете аласыңбы? Алар Исага: «Сен, чын эле, Кудайдын Уулу экенсиң»,— дешкен.

Иса ошондо эле аба ырайын башкарган эмес. Бир жолу ал элчилери менен деңиздин аркы өйүзүнө сүзүп баратканда да ошенткен. Ал кайыктын арт жагында уктап жаткан эле. Бир маалда аябагандай катуу шамал башталган. Толкундар кайыкка урунуп, анын ичи сууга толуп чыккан. Элчилер: «Устат, Устат, чөгүп баратабыз! Бизди куткар!» — деп, аны ойготушкан. Иса туруп, деңизге: «Тынчы!» — деген. Ошол замат шамал токтоп, деңиз тынчып калган. Анан Иса элчилеринен: «Ишенимиңер кана?» — деп сураган. Элчилери болсо бири-бирине: «Ага атүгүл шамал менен деңиз да баш иет экен»,— дешкен. Бул окуядан алар эгер Исага толук таянышса, эч нерседен коркпой эле койсо болорун үйрөнүшкөн.

«Тирүүлөрдүн арасынан Жахабанын жакшылыгын көрөрүмө ишенбесем, эмне болмокмун?» (Забур 27:13)