Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

85-САБАК

Иса Ишемби күнү айыктырган

Иса Ишемби күнү айыктырган

Фарисейлер Иса пайгамбарды жек көргөндүктөн аны каматуу үчүн шылтоо издешкен. Ишемби күн эс ала турган күн болгондуктан, алар Исанын адамдарды ошол күнү айыктырганы туура эмес деп айтышкан. Иса бир жолу Ишембиде көчөдө кайыр сурап отурган сокур кишиге жолугуп калган. Ал шакирттерине: «Азыр Кудайдын күчү бул кишиге кантип жардам берерин көрөсүңөр»,— деген. Анан өзүнүн түкүрүгүн топуракка аралаштырып, сокур кишинин көзүнө сүйкөгөн да, ага: «Барып, Силоом көлмөсүнө көзүңдү жуу»,— деп айткан. Тиги киши так ошондой кылган. Ошондо ал өмүрүндө биринчи жолу көрүп калган.

Адамдар буга аябай таң калышкан. Алар: «Бул баягы кайыр сурап отурган кишиби? Же жөн эле ошого окшош бирөөбү?» — дешкен. Ал болсо: «Мен баягы төрөлгөнүнөн сокур болгон кишимин!» — деген. Алар андан: «Көзүң кантип көрүп калды?» — деп сурашкан. Ал эмне болгонун айтып бергенде, аны фарисейлерге алып барышкан.

Ал фарисейлерге: «Иса көздөрүмө ылай сүйкөдү. Анан барып, көзүңдү жуу деди. Мен ал айткандай кылсам, көзүм көрүп калды»,— деп жооп берген. Ошондо алар: «Анын күчү Кудайдан эмес, анткени Ишемби күнү айыктырып жатат»,— дешкен. Ал эми башкалары: «Анын күчү Кудайдан болбосо, ал такыр айыктыра алмак эмес»,— деп айтышкан.

Фарисейлер ал кишинин ата-энесин чакырып: «Уулуңар кандайча көрүп калды?» — деп сурашкан. Алар аябай коркушкан, себеби фарисейлер Исанын Машаяк экенине ишенгендердин баарын синагогадан чыгарып салууну сүйлөшүп алышкан эле. Ошондуктан ата-энеси: «Биз билбейбиз. Өзүнөн сурагыла»,— деп айткан. Фарисейлер ал кишиге дагы суроолорду бере бергендиктен, ал: «Мен силерге баарын айтып бердим го. Эмнеге кайра-кайра эле сурап жатасыңар?» — деген. Буга алардын каары кайнап, аны кууп чыгышкан.

Иса аны таап: «Машаякка ишенесиңби?» — деп сураган. Ал: «Анын ким экенин билсем, ишенмекмин»,— деп жооп берген. Иса ага: «Мен Машаякмын»,— деген. Бул Исанын боорукер экенин көрсөтүп турган жокпу? Ал аны айыктырып эле койбостон, ага ишеним өрчүтүүгө да жардам берген.

«Силер Ыйык Жазманы да, Кудайдын күчүн да билбегендиктен адашып жүрөсүңөр» (Матай 22:29)