Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

86-САБАК

Иса Лазарды тирилткен

Иса Лазарды тирилткен

Исанын Бетанияда жашаган аябай жакын үч досу болгон. Алар Лазар жана анын бир туугандары Мариям менен Марта эле. Бир күнү Иса Иордандын аркы өйүзүндө жүргөндө, Мариям менен Марта ага: «Лазар катуу ооруп жатат, тезирээк келип калчы»,— деп айттырып жиберишкен. Бирок Иса дароо барган эмес. Ал ошол жерде дагы эки күн болуп, анан шакирттерине: «Жүргүлө, Бетанияга баралы. Лазар уктап калды, мен аны ойготкону баратам»,— деп айткан. Элчилери: «Эгер уктап жатса, анда жакшы болуп калат»,— дешкен. Ошондо Иса аларга: «Лазар өлүп калды»,— деп ачык эле айткан.

Иса Бетанияга келгенде, Лазардын мүрзөгө коюлганына төрт күн болуп калган. Марта менен Мариямга көңүл айтканы көп эл келген эле. Исанын келгенин укканда Марта ага жолугуш үчүн чуркап жөнөгөн. Ал Исага: «Мырзам, бул жерде болсоң, бир тууганым өлбөйт болчу»,— деген. Иса: «Бир тууганың тирилет. Буга ишенесиңби?» — деп сураган. «Анын тирилүү убагында тирилерине ишенем»,— деп жооп берген Марта. Ошондо Иса: «Мен тирилүүмүн жана өмүрмүн»,— деген.

Анан Марта Мариямга барып: «Иса келди»,— деп айткан. Мариям дароо Исаны көздөй чуркаган, артынан эл да жөнөгөн. Ал Исанын бутуна жыгылып, токтоно албай ыйлап кирген. Анан: «Мырзам, эгерде сен бул жерде болсоң, бир тууганыбыз өлмөк эмес»,— деген. Иса анын канчалык кайгырып жатканын көргөндө өзү да ыйлай баштаган. Муну көргөн эл: «Карасаңар, ал Лазарды кандай жакшы көрчү!» — дешкен. Ал эми айрымдар: «Ал өзүнүн досун кантип өлүмдөн алып кала алган жок?» — деп таң калышкан. Иса андан кийин эмне кылган?

Ал оозу чоң таш менен жабылган мүрзөнүн жанына барып: «Ташты алып салгыла»,— деп буйрук берген. Ошондо Марта: «Мырзам, анын өлгөнүнө төрт күн болуп калды, эмдигиче жыттанып кетсе керек»,— деген. Ошондой болсо да алар ташты алып салышкан. Андан соң Иса Кудайдан: «Ата, мени укканың үчүн ыраазымын. Мени дайыма угарыңды билсем да, жанымда турган эл мени сен жибергениңе ишениши үчүн, муну үнүмдү чыгарып айтып жатам»,— деп тиленген. Анан үнүн катуу чыгарып: «Лазар, чык!» — деген. Ошондо таң калыштуу нерсе болгон: зыгыр кепинге оролгон Лазар мүрзөдөн чыгып келген. Иса: «Кепинин чечкиле, бассын»,— деген.

Муну көргөндөрдүн көбү Исага ишенип калышкан. Бирок айрымдар фарисейлерге барып, баарын айтып беришкен. Ошондон тартып алар Иса менен Лазарды өлтүргүсү келе баштаган. Исанын 12 элчисинин бири Жүйүт Искариот болсо фарисейлерге жашыруун барып: «Силерге аны тапканга жардам берсем, канча төлөп бересиңер?» — деп сураган. Фарисейлер 30 күмүш тыйын берерин убада кылышкан. Ошол күндөн тартып Жүйүт Исаны фарисейлердин колуна салып берүүнүн жолун издей баштаган.

«Чыныгы Кудай — бизди куткаруу үчүн иш-аракет кылган Кудай, өлүмдөн кутулуунун жолдору Жахабага, Эгедер Теңирге, таандык» (Забур 68:20)