Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

87-САБАК

Акыркы Пасах

Акыркы Пасах

Жүйүттөр жыл сайын нисан айынын 14-күнү Пасах майрамын белгилешчү. Бул Жахабанын аларды Мисир кулчулугунан кантип бошотконун жана убада кылынган жерге кантип алып барганын алардын эсине салып турган. Б.з. 33-жылы Иса Машаяк менен элчилери Пасахты Иерусалимдеги бир үйдүн үстүнкү бөлмөсүндө белгилешкен. Тамак ичип бүтүп калышканда, Иса аларга: «Араңардан бирөө мени сатып кетет»,— деген. Элчилер абдан таң калып: «Кимибиз?» — деп сурашкан. Иса: «Бул нанды кимге берсем, ошол»,— деп жооп берген. Анан нанды Жүйүт Искариотко сунган. Жүйүт дароо ордунан туруп, сыртка чыгып кеткен.

Андан соң Иса тиленип, нанды сындырып, калган элчилерине берген да: «Бул нандан жегиле, бул силер үчүн бериле турган денемди билдирет»,— деген. Анан шарап үчүн тиленип, аны элчилерине узаткан да, мындай деген: «Бул шараптан ичкиле. Бул көптөрдүн күнөөлөрү кечирилиши үчүн төгүлө турган канымды билдирет. Силерге убада берем, мени менен чогуу асманда падыша болосуңар. Муну жыл сайын мени эскериш үчүн кылгыла». Исанын жолдоочулары азыр да жыл сайын ошол кечени белгилеш үчүн чогулуп турушат. Ал «Эскерүү кечеси» же «Мырзабыздын кечки тамагы» деп аталат.

Кечки тамактан кийин элчилер кимиси баарынан чоң экени жөнүндө талаша башташкан. Бирок Иса аларга: «Араңардан ким чоң болсо, ал кичүүдөй болсун, ал эми ким башчы болсо, ал кызматчыдай болсун»,— деп айткан.

Андан соң мындай деген: «Силер менин досторумсуңар. Атам эмнени айтышымды кааласа, силерге ошонун баарын ачып бердим. Мен жакында асманга Атама барам. Силер жерде каласыңар. Эгерде бири-бириңерди сүйсөңөр, баары силердин менин шакирттерим экениңерди билишет. Бири-бириңерди мен силерди сүйгөндөй сүйүшүңөр керек».

Акырында Иса Жахабага кайрылып, андан шакирттеринин баарын коргоп жүрүшүн, аларга биримдикте кызмат кылууга жардам беришин суранган. Ошондой эле Жахабанын ысмынын ыйыкталышы жөнүндө тиленген. Андан кийин Иса менен элчилери Жахабаны даңктап ырдашкан, анан эшикке чыгышкан. Ошол учурда душмандардын Исаны кармап кетерине аз калган эле.

«Коркпо, кичине отор, анткени асмандагы Атаңар силерге Падышалыкты берүүнү туура көрдү» (Лука 12:32)