Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

88-САБАК

Исаны кармап кетишкен

Исаны кармап кетишкен

Иса Машаяк менен элчилери Кидрон өзөнү аркылуу Зайтун тоосуна бет алышкан. Түн ортосу болуп, ай толуп турган эле. Гетсемани багына келишкенде, Иса аларга: «Бул жерде калып, уктабай, сергек тургула»,— деген. Өзү болсо бир аз арыраак барып, чөгөлөп отурган. Анан жаны кыйналып, Жахабадан: «Сенин эркиң аткарылсын»,— деп тиленген. Ошондо Жахаба периштесин жиберип, аны бекемдеген. Иса элчилерине кайтып келип, алардын уктап жатканын көргөн. Анан аларга: «Тургула! Азыр уктай турган убак эмес! Душмандарымдын колуна салынып берилчү убагым келип калды»,— деген.

Көп өтпөй Жүйүт колуна кылыч, союл көтөргөн топ кишини ээрчитип келген. Ал Исанын каякта экенин билген, анткени алар бул бакка көп келишчү. Жүйүт жоокерлерге Исаны кантип көрсөтүп берерин айткан болчу. Ошондуктан ал түз эле Исага барып: «Кандайсың, Устат!» — деп, аны өпкөн. Ошондо Иса ага: «Жүйүт, мени өөп туруп сатканы жатасыңбы?» — деген.

Иса алдыга чыгып, топ кишиден: «Кимди издеп жүрөсүңөр?» — деп сураган. Алар: «Назареттик Исаны»,— деп жооп беришкен. «Ал менмин»,— деген Иса. Муну укканда алар артка кетенчиктеп, жерге жыгылышкан. Ал: «Кимди издеп жүрөсүңөр?» — деп дагы сураган. Алар: «Назареттик Исаны»,— дешкен. Ошондо Иса: «„Ал менмин“,— деп айттым го. Буларды коё бергиле»,— деген.

Петир эмне болуп жатканын түшүнгөндө кылычын сууруп чыгып, башкы дин кызматчынын Малкос деген кулунун кулагын шылый чапкан. Бирок Иса анын кулагына колун тийгизип, айыктырып койгон. Анан Петирге: «Кылычыңды кынына сал. Эгер кылыч менен согушсаң, кылычтан өлөсүң»,— деген. Жоокерлер Исаны кармап, колун байлашкан. Элчилер болсо качып кетишкен. Топ киши Исаны жогорку дин кызматчы Анаска алып барышкан. Анас аны суракка алгандан кийин башкы дин кызматчы Каяпаныкына жөнөткөн. Ал эми элчилер эмне кылышкан?

«Дүйнөдө азап чегесиңер, бирок кайраттуу болгула! Мен дүйнөнү жеңдим» (Жакан 16:33)