Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

89-САБАК

Петир Исаны тааныбайм деп танып койгон

Петир Исаны тааныбайм деп танып койгон

Иса Машаяк элчилери менен Иерусалимде бир үйдүн үстүнкү бөлмөсүндө отурганда: «Ушул түнү баарыңар мени таштап кетесиңер»,— деген. Ошондо Петир: «Сени баары таштап кетсе да, мен эч качан таштабайм!» — деп айткан. Бирок Иса ага: «Короз кыйкырганга чейин, мени тааныбайм деп үч жолу айтасың»,— деген.

Жоокерлер Исаны Каяпаныкына алып кетишкенде, элчилеринин көбү качып кеткен. Бирок эки элчиси топ кишинин артынан ээрчип барган. Алардын бири Петир болчу. Ал Каяпанын үйүнүн короосуна кирип, отко жылынып отурган. Бир күң оттун жарыгынан Петирдин жүзүн көрүп: «Мен сени билем. Сен Иса менен чогуу жүргөнсүң!» — деп айткан.

Ошондо Петир: «Жок, мен аны тааныбайм. Эмне деп жатканыңды түшүнгөн жокмун»,— деген. Анан дарбазаны көздөй жөнөгөн. Көп өтпөй дагы бир күң аны көрүп, элге: «Бул Иса менен чогуу жүргөн»,— деп айткан. Бирок Петир: «Мен Исаны тааныбайм!» — деп дагы танып койгон. Анан бир киши: «Сен ошолордун бири экенсиң. Исадай болуп Галилеядан экениң сүйлөгөнүңөн эле билинип турат»,— деген. Петир болсо: «Мен аны тааныбайм!» — деп карганып кирген.

Ошол маалда короз кыйкырган. Петир Исанын бурулуп, аны караганын көргөн. Ошондо анын сөздөрүн эстеп, сыртка чыгып, өксөп ыйлаган.

Ал ортодо Синедриондун мүчөлөрү Каяпаныкына чогулуп, Исаны соттоп жатышкан. Алар аны өлтүрүүнү мурун эле чечип коюшкан. Эми жөн эле шылтоо издеп жатышкан. Бирок ага каршы эч кандай айып таба алышкан жок. Акырында Каяпа андан түз эле: «Сен Кудайдын Уулусуңбу?» — деп сураган. Иса: «Ооба»,— деген. Ошондо Каяпа: «Бизге мындан башка далилдин кереги жок. Бул Кудайга акарат кылды!» — деген. Соттоп жаткандар аны коштоп: «Бул киши өлүшү керек»,— дешкен. Алар Исаны жаакка чаап, ага түкүрүп, көзүн жаап, ургулап: «Пайгамбар болсоң, айтчы, сени ким чапты?» — деп шылдыңдашкан.

Таң атканда, алар Исаны Синедриондун залына алып келишкен да, дагы бир жолу: «Сен Кудайдын Уулусуңбу?» — деп сурашкан. Иса: «Анын Уулу экенимди өзүңөр айтып жатасыңар»,— деп жооп берген. Ошондо алар Исаны Кудайга акарат кылды деп айыптап, Рим башкаруучусу Понтий Пилаттын ак сарайына алып барышкан. Андан кийин эмне болгон? Кел, окуп көрөлү.

«Ар кимиңер өз үйүңөргө качып, мени жалгыз калтырып кете турган убак келатат... Бирок мен жалгыз эмесмин, анткени Атам мени менен» (Жакан 16:32)