Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

90-САБАК

Исанын Голготада өлтүрүлүшү

Исанын Голготада өлтүрүлүшү

Жогорку дин кызматчылар Иса Машаякты башкаруучу Пилаттын ак сарайына алып барышкан. Ал алардан: «Бул кишиге кандай айып коюп жатасыңар?» — деп сураган. Алар: «Бул падышамын деп жатат!» — деп жооп беришкен. Ошондо Пилат Исадан: «Сен жүйүттөрдүн Падышасысыңбы?» — деп сураган. Иса ага: «Менин Падышалыгым бул дүйнөгө таандык эмес»,— деген.

Андан кийин Пилат, Исадан кандайдыр бир айып табабы деп, аны Галилеянын башкаруучусу Иродго жиберген. Бирок ал Исадан эч күнөө таппагандыктан аны кайра Пилатка жөнөткөн. Пилат элге: «Ирод да, мен да бул кишиден эч кандай айып тапкан жокпуз. Ошондуктан муну коё берем»,— деген. Тигилер болсо: «Өлтүр муну! Өлтүр!» — деп кыйкырышкан. Анан жоокерлер Исаны камчы менен сабап, ага түкүрүп, ургулашкан. Башына тикенектен жасалган таажы кийгизип: «Саламатсыңбы, жүйүттөрдүн Падышасы!» — деп шылдыңдашкан. Кайрадан Пилат элге: «Бул кишиден мен эч кандай айып тапкан жокмун»,— деп айткан. Бирок алар: «Муну устунга када!» — деп кыйкырышкан. Пилат Исаны жазалаш үчүн алардын колуна өткөрүп берген.

Жоокерлер Исаны Голгота деген жерге алып барып, устунга кадашкан да, устунду тургузушкан. Иса: «Ата, буларды кечире көр, анткени эмне кылып жатышканын билишпейт»,— деп тиленген. Эл болсо аны: «Кудайдын Уулу болсоң, устундан түшүп көрчү! Өзүңдү куткарбайсыңбы?!» — деп мазактаган.

Исанын жанында кадалган кылмышкерлердин бири андан: «Падыша болгонуңда мени эстей көр»,— деп суранган. Иса ага: «Сен мени менен Бейиште болосуң»,— деп убада берген. Түштөн кийин ошол аймакты 3 саат бою караңгылык каптап турган. Устундун жанында Исанын айрым шакирттери, анын ичинде энеси Мариям да бар болчу. Иса Жакандан Мариямга өз энесиндей кам көрүшүн суранган.

Акырында Иса: «Аткарылды!» — деген. Анан башы шылк дей түшүп, өлүп калган. Ошондо жер катуу титиреген. Ибадатканадагы Ыйык жайды Ыйыктын ыйыгынан бөлүп турган калың көшөгө ортосунан айрылып калган. Болгон окуяларга күбө болгон жүз башы: «Бул, чын эле, Кудайдын уулу болгон экен»,— деген.

«Кудайдын канча убадасы болсо, алардын баары ал аркылуу „ооба“ болгон» (2 Корунттуктар 1:20)