Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

91-САБАК

Иса Машаяктын тирилиши

Иса Машаяктын тирилиши

Иса өлгөндөн кийин, Жусуп деген бай киши Пилаттан анын сөөгүн устундан түшүрүп, алып кетүүгө уруксат сураган. Ал Исанын сөөгүн жакшы зыгыр кездемеге ороп, жыпар жыттуу заттар менен майлап, жаңы мүрзөгө койгон. Анан чоң ташты тоголотуп келип, мүрзөнүн оозун жапкан. Жогорку дин кызматчылар Пилатка: «Исанын шакирттери анын сөөгүн уурдап кетип: „Ал тирилди“,— деп айтышат деп коркуп жатабыз»,— дешкен. Пилат аларга: «Мүрзөнүн оозундагы ташка мөөр басып, кайтаргыла»,— деп айткан.

Үч күндөн кийин эртең менен эрте бир нече аял мүрзөгө барып, таштын жылдырылып калганын көрүшкөн. Мүрзөнүн ичине киришкенде, бир периште аларга: «Коркпогула. Иса тирилди. Анын шакирттерине барып: „Ага Галилеядан жолугасыңар“,— деп айткыла»,— деген.

Ал ортодо магдалалык Мариям Петир менен Жаканды табыш үчүн шашып жөнөгөн. Анан аларды таап: «Исанын сөөгүн бирөө алып кетиптир!» — деген. Петир менен Жакан мүрзөгө чуркап жөнөшкөн. Алар мүрзөнүн ичи бош экенин көрүп, үйлөрүнө кайтышкан.

Мариям мүрзөгө келгенде анын ичинен эки периштени көрүп, аларга: «Мырзамды кайсы жакка алып кетишкенин билбейм»,— деген. Анан ал бир кишини көргөн. Аны бакчы деп ойлоп: «Мырзам, аны каякка алып кеткениңди айтчы»,— деп суранган. Бирок ал киши: «Мариям!» — дегенде, анын Иса экенин тааныган. Ошондо Мариям: «Устат!» — деп кыйкырып жиберген да, аны кучактай жыгылган. Иса ага: «Бир туугандарыма барып, мени көргөнүңдү айт»,— деген. Ал ошол замат шакирттерге чуркап барып, Исаны көргөнүн айтып берген.

Ошол күнү кечирээк эки шакирт Иерусалимден Эмаус деген айылга баратышкан. Жолдон бир киши аларга кошулуп, эмне жөнүндө сүйлөшүп баратышканын сураган. Алар: «Сен эмне уккан эмес белең? Үч күн мурун жогорку дин кызматчылар Исаны өлүм жазасына тартышкан болчу. Эми болсо кээ бир аялдар ал тирүү экен деп айтып жатышат»,— дешкен. Тиги киши аларга: «Пайгамбарларга ишенбейсиңерби? Алар Машаяктын өлүп, кайра тирилерин айтышпады беле?!» — деген. Анан экөөнө Ыйык Жазмада жазылгандарды түшүндүрүп берген. Эмауска жетишкенде, шакирттер ал кишиден өздөрү менен чогуу калууну суранышкан. Тамактанганы отурганда, ал нанды алып, Кудайдан тиленген. Ошондо шакирттер анын Иса экенин таанышкан, бирок ал жок болуп кеткен.

Экөө дароо Иерусалимдеги элчилер чогулган үйгө барышкан да, эмне болгонун айтып беришкен. Ошол убакта Иса пайда болуп, алардын баарына көрүнгөн. Башында элчилер анын Иса экенине ишенишкен эмес. Ошондуктан ал аларга: «Колумду карасаңар. Мени кармап көргүлөчү. Машаяктын кайра тирилери алдын ала жазылбады беле»,— деген.

«Мен жолмун, чындыкмын жана өмүрмүн. Атама мен аркылуу гана барууга болот» (Жакан 14:6)