Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

93-САБАК

Исанын асманга кетиши

Исанын асманга кетиши

Иса Машаяк Галилеядан шакирттери менен жолуккан. Ал аларга абдан маанилүү тапшырма берип: «Баргыла да, бардык элдерден шакирт даярдагыла. Аларга силерге үйрөткөндөрүмдүн баарын үйрөткүлө жана чөмүлдүргүлө»,— деген. Анан: «Мен ар дайым силер менен болом»,— деп убада берген.

Тирилгенден кийин 40 күндүн ичинде Иса Галилеядагы жана Иерусалимдеги жүздөгөн шакирттерине жолуккан. Ал аларды маанилүү нерселерге үйрөтүп, көптөгөн кереметтерди жасаган. Анан элчилери менен Зайтун тоосунда акыркы жолу көрүшкөн.

Иса элчилерине: «Иерусалимден кетпей, Атам убада кылганды күткүлө»,— деп айткан. Бирок алар анын сөздөрүнүн маанисин түшүнүшкөн эмес. Ошондуктан андан: «Сен Ысрайылга азыр падыша болоюн деп жатасыңбы?» — деп сурашкан. Иса аларга: «Падыша болушум үчүн Атам белгилеген убакыт али келе элек. Жакында ыйык рух аласыңар жана менин күбөлөрүм болосуңар. Баргыла да, Иерусалимде, Жүйүт жеринде, Самарияда, ошондой эле жердин эң алыскы жактарына чейин кабар айткыла»,— деген.

Анан Иса асманга көтөрүлүп, аны булут каптап калган. Элчилери болсо асманды карап тура беришкен. Бирок ал көрүнбөй калган эле.

Шакирттер Зайтун тоосунан кетип, Иерусалимге барышкан. Алар бир үйдүн үстүнкү бөлмөсүнө дайыма чогулуп, тиленип турушкан. Ошондой эле Исанын дагы кандай көрсөтмөлөрдү берерин күтүшкөн.

«Падышалык жөнүндөгү бул жакшы кабар дүйнө жүзү боюнча бардык элдерге күбөлөндүрүү катары таратылат. Ошондон кийин дүйнө түзүлүшүнүн акыры келет» (Матай 24:14)