Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

94-САБАК

Шакирттердин ыйык рух алышы

Шакирттердин ыйык рух алышы

Иса Машаяк асманга кеткенден он күн өткөндөн кийин, шакирттери ыйык рух алышкан. Б.з. 33-жылы Элүүнчү күн майрамын белгилеш үчүн ар кайсы жерлерден көптөгөн адамдар Иерусалимге келишкен. Исанын 120дай шакирти бир үйдүн үстүнкү бөлмөсүнө чогулушкан эле. Анан күтүлбөгөн жерден укмуштуудай бир окуя болгон. Ар бир шакирттин башында жалын сыяктуу бир нерсе пайда болуп, баары ар кандай тилдерде сүйлөй башташкан. Ошондой эле катуу шамал болуп жаткандай дабыш угулуп, үйдүн ичин жаңырткан.

Иерусалимге башка жерлерден келгендер дабышты угуп, эмне болгонун көрүш үчүн ал үйгө чуркап барышкан. Алар шакирттердин алардын эне тилинде сүйлөп жатканын угуп: «Булар галилеялыктар да. Кантип ар бирибиздин тилибизде сүйлөп жатышат?» — деп аябай таң калышкан.

Анан Петир жана башка элчилер элдин алдына чыгышкан. Петир аларга Исанын кантип өлтүрүлгөнүн жана Жахабанын аны тирилткенин айткан. Анан: «Иса азыр асманда Кудайдын оң жагында отурат. Ал бизге өзү убада кылган ыйык рухту төктү. Ошондуктан силер ушул кереметтерди угуп, көрүп жатасыңар»,— деген.

Петирдин сөздөрү элге күчтүү таасир эткендиктен, алар: «Биз эмне кылышыбыз керек?» — деп сурашкан. Ал: «Күнөөлөрүңөр үчүн өкүнгүлө жана Исанын атынан чөмүлгүлө. Ошондо ыйык рух белегин аласыңар»,— деп айткан. Ал күнү 3 000дей киши чөмүлгөн. Ошондон тартып Иерусалимдеги шакирттердин саны тез көбөйө баштаган. Ыйык рухтун жардамы менен элчилер жаңы жыйналыштарды уюштуруп, шакирттерге Иса буйругандардын баарын үйрөтүшкөн.

«Исанын Мырзабыз экенин эл алдында жарыялап жатсаң, Кудайдын аны өлгөндөрдүн арасынан тирилткенине жүрөгүң менен ишенсең, анда куткарыласың» (Римдиктер 10:9)