Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

95-САБАК

Аларды эч нерсе токтоткон эмес

Аларды эч нерсе токтоткон эмес

Буту баспаган бир киши күнүгө ибадаткананын алдына отуруп, кайыр сурачу. Бир күнү түштөн кийин ал Петир менен Жакандын ибадатканага келатканын көрүп, аларга: «Мага бирдеме бергилечи»,— деген. Петир ага: «Мен сага акчадан да жакшы нерсе бере алам. Исанын атынан айтам, ордуңан тур да, бас!» — деп айткан. Анан ага ордунан турганга жардам берген. Ал киши басып кеткен. Кереметти көргөндөр ушунчалык кубангандыктан, көптөрү Исага ишенип калышкан.

Бирок дин кызматчылар менен садукейлер абдан ачууланышкан. Алар элчилерди кармап, Синедрионго, башкача айтканда, диний жетекчилерден турган сотко алып барышкан да: «Бул кишини айыктырууга силерге ким күч берди?» — дешкен. Петир: «Бизге силер өлтүргөн Иса Машаяк ыйык рух берди»,— деп жооп берген. Диний жетекчилер аларга: «Иса жөнүндө айтканыңарды токтоткула!» — деп тыюу салышкан. Бирок элчилер: «Биз ал жөнүндө айтышыбыз керек. Айтканыбызды токтотпойбуз»,— дешкен.

Петир менен Жакан бошотулар замат башка шакирттерге барып, эмне болгонун айтып беришкен. Алар чогуу тиленип, Жахабадан: «Сенин ишиңди аткара алышыбыз үчүн, бизге кайраттуу болууга жардам бере көр»,— деп жалбарышкан. Жахаба ыйык рухун бергендиктен, алар кабар айтып, башкаларды айыктыра беришкен. Ошондуктан Исага ишенгендер барган сайын көбөйгөн. Садукейлердин ичи күйүп, элчилерди кармашкан да, түрмөгө камап салышкан. Бирок ошол түнү Жахаба периштесин жиберген. Периште түрмөнүн эшиктерин ачып, элчилерге: «Ибадатканага барып, элди окута бергиле»,— деп айткан.

Эртеси күнү эле Синедрионго: «Түрмөнүн эшиктери дагы деле бекитилип турат, бирок ичинде силер камаган кишилер жок! Алар ибадатканада элди окутуп жатышат»,— деген кабар жеткен. Ошентип, элчилерди кайра кармап, Синедрионго алып барышкан. Башкы дин кызматчы аларга: «Биз силерге Иса жөнүндө айтпагыла деп тыюу салбадык беле!» — деген. Бирок Петир: «Биз адамдарга эмес, Кудайга баш ийишибиз керек»,— деп жооп берген.

Диний жетекчилер ушунчалык каардангандыктан элчилерди өлтүрүүнү каалашкан. Бирок Гамалеил деген фарисей ордунан туруп: «Абайлагыла, Кудай бул кишилер менен болуп жүрбөсүн. Же Кудайга каршы чыккыңар келеби?» — деген. Алар анын кеңешин угушкан. Элчилерди таяк менен сабагандан кийин кабар айтпоого дагы бир жолу буйрук берип, коё беришкен. Бирок элчилер токтоп калган эмес. Алар ибадатканада да, үйдөн үйгө да жакшы кабарды кайраттуулук менен жарыялай беришкен.

«Биз адамдарга эмес,.. башкаруучубуз Кудайга баш ийишибиз керек» (Элчилер 5:29)