Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

96-САБАК

Исанын Шабылды тандашы

Исанын Шабылды тандашы

Шабыл Тарс шаарында төрөлгөн Римдин жараны болгон. Ал жүйүттөрдүн Мыйзамын жакшы билген фарисей болчу жана Исанын жолдоочуларын жек көрчү. Шабыл аларды аял-эркек дебей үйлөрүнөн сүйрөп чыгып, түрмөгө каматкан. Атүгүл жаалданган кишилер Степан деген шакиртти таш бараңга алып жатышканда, алардын жанында карап турган.

Бирок Шабыл Иерусалимдеги шакирттерди каматканына эле ыраазы болгон эмес. Ал Дамаск шаарындагы шакирттерди да каматыш үчүн башкы дин кызматчыдан ал жакка барууга уруксат сураган. Шабыл ал шаарга жетейин деп калганда, күтүлбөгөн жерден асмандан жарык түшүп, айланасы жапжарык болуп калган. Ошондо ал жерге жыгылган. Анан: «Шабыл, эмне үчүн мени куугунтуктап жатасың?» — деген үндү уккан. Шабыл: «Сен кимсиң?» — деп сураганда: «Мен Исамын. Дамаскка бар. Ал жерден сага эмне кылышың керектиги айтылат»,— деген жооп угулган. Ошол замат Шабылдын көзү көрбөй калып, аны колунан жетелеп Дамаскка алып барышкан.

Дамаскта Анания деген ишенимдүү шакирт бар эле. Иса аян аркылуу ага: «Түз деп аталган көчөдө жашаган Жүйүттүн үйүнө барып, Шабыл деген кишини сура»,— деп айткан. Анания ага: «Мырзам, мен ал жөнүндө баарын билем. Ал сенин шакирттериңди түрмөгө каматып жүрөт!» — деген. Бирок Иса: «Баргын, анткени мен Шабылды, көптөгөн элдерге жакшы кабарды айтышы үчүн, тандап алдым»,— деп айткан.

Ошентип, Анания Шабылды таап, ага: «Бир тууганым Шабыл, Иса мени сага көзүңдү ачыш үчүн жиберди»,— деген. Ошол замат Шабыл кайрадан көрүп калган. Ал Иса жөнүндө билип, чөмүлүп, анын жолдоочусу болгон. Ошондон кийин ишенимдештери менен бирге синагогаларда кабар айта баштаган. Шабылдын Иса жөнүндө айтып жүргөнүн көргөндө жүйүттөрдүн канчалык таң калганын элестетсең! Алар: «Исанын шакирттерин куугунтуктап жүргөн киши ушул эмес беле?» — дешкен.

Шабыл Дамаскта жашагандарга үч жыл бою кабар айткан. Жүйүттөр аны жек көрүп, өлтүрүүнү ойлонуштурушкан. Бирок бир туугандар муну билип калып, ага качып кетүүгө жардам беришкен. Алар аны себетке салып, шаардын дубалынын ачык жери аркылуу түшүрүшкөн.

Шабыл Иерусалимге барып, ал жактагы бир туугандарга кошулууга аракет кылган. Бирок алар андан коркушкан. Ошондо Барнаба деген боорукер бир тууган Шабылды элчилерге алып барып, аларды анын чындап эле өзгөргөнүнө ынандырган. Ошентип, Шабыл Иерусалимдеги жыйналыш менен бирге жакшы кабарды ынталуу жарыялай баштаган. Кийинчерээк ал Пабыл деген ысым менен белгилүү болуп калган.

«[Иса] дүйнөгө күнөөкөрлөрдү куткаруу үчүн келген... Алардын ичинен эң күнөөкөрү менмин» (1 Тиметей 1:15)