Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

99-САБАК

Түрмө сакчысы чындыкты уккан

Түрмө сакчысы чындыкты уккан

Филипи шаарында ичине жин кирип алган бир кызматчы кыз жашаган. Ал жиндин жардамы менен келечекти алдын ала айтып, кожоюндарына көп акча таап келчү. Пабыл менен Сылас Филипиге келишкенде, кыз аларды көп күн бою ээрчип жүргөн. Ичиндеги жин аны: «Бул кишилер — Эң Жогорку Кудайдын кулдары»,— деп кыйкырта берген. Акырында Пабыл жинге: «Иса Машаяктын ысмы менен сага бул кыздан чыгып кетүүнү буйрук кылам!» — деген. Ошол замат жин чыгып кеткен.

Кыздын кожоюндары анын мурдагыдай акча таппай калганын көргөндө аябай ачууланышкан. Алар Пабыл менен Сыласты жергиликтүү бийлик башчыларына сүйрөп барып: «Бул кишилер мыйзамды бузуп, бүт шаарды дүрбөлөңгө түшүрүп жатышат»,— деп арызданышкан. Ошондо бийлик башчылары экөөнү сабаганга жана камаганга буйрук беришкен. Түрмө сакчысы аларды түрмөнүн эң караңгы, эң түпкү бөлүгүнө камап, кишен салып койгон.

Пабыл менен Сылас түрмөдө жаткан башка кишилерге угуза Жахабаны даңктап ырдай башташкан. Түн ортолоп калганда, күтүлбөгөн жерден катуу жер титирөө болуп, түрмөнүн пайдубалы солкулдап кеткен. Ошондо бүт эшиктер ачылып, түрмөдөгүлөрдүн баарынын чынжырлары менен кишендери түшүп калган. Түрмө сакчысы чуркап келип, эшиктер ачык экенин көргөн. Ал түрмөдө отургандарды качып кетти деп ойлоп, кылычы менен өзүн өзү өлтүрмөкчү болгон.

Ошондо Пабыл: «Өзүңө зыян келтирбе, баарыбыз бул жердебиз!» — деп кыйкырып жиберген. Түрмө сакчысы ичкери чуркап кирип, Пабыл менен Сыластын алдына жыгылган. Анан: «Куткарылыш үчүн эмне кылышым керек?» — деп сураган. Алар: «Өзүң да, үйүңдөгүлөрүң да Исага ишенишиңер керек»,— дешкен. Андан кийин аларга Жахабанын сөзүн айтып беришкен. Натыйжада түрмө сакчысы өзү да, үйүндөгүлөрү да чөмүлгөн.

«Адамдар силерди камакка алышат, куугунтукташат, синагогадагылар менен түрмө кызматкерлеринин колуна салып беришет, менин ысмым үчүн падышалар менен башкаруучулардын алдына алып барышат. Бул силерге күбөлөндүрүүгө мүмкүнчүлүк берет» (Лука 21:12, 13)