Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

100-САБАК

Пабыл менен Тиметей

Пабыл менен Тиметей

Тиметей деген жаш бир тууган Листра шаарындагы жыйналышта кызмат кылчу. Анын атасы грек, апасы жүйүт болгон. Апасы Эйнике менен таенеси Лоис ага кичинекейинен эле Жахаба жөнүндө айтып беришчү.

Пабыл кабар айтуу боюнча экинчи сапарында жүргөндө Листрага да барган. Ал жактан Тиметейдин бир туугандарды жакшы көрөрүн, аларга жардам бергиси келерин байкаган. Ошондуктан аны өзүн коштоп жүрүүгө чакырган. Көп убакыт бою Пабыл аны кабар айтууга, окутууга үйрөткөн.

Пабыл менен Тиметей каякка барбасын, ыйык рух аларды дайыма жетектеп жүргөн. Бир жолу түндө Пабыл аян көргөн. Аянда бир киши ага: «Македонияга келип, бизге жардам бер»,— деген. Ошол себептен Пабыл, Тиметей, Сылас жана Лука кабар айтып, жыйналыштарды уюштуруу үчүн ал жакка жөнөшкөн.

Македониядагы Тесалоника шаарында көптөгөн эркектер, аялдар Машаяктын жолдоочусу болушкан. Бирок кээ бир жүйүттөр Пабыл менен анын шериктерин көрө алган эмес. Алар көп кишини чогултуп, айрым бир туугандарды шаар башкаруучуларына сүйрөп барышкан да: «Булар — Рим өкмөтүнүн душмандары!» — деп кыйкырышкан. Пабыл менен Тиметейдин өмүрүнө коркунуч туулгандыктан, алар түндө Берояга качып кетишкен.

Бероянын эли жакшы кабарды кызыгып уккан жана ал жактагы гректер да, жүйүттөр да Машаяктын жолдоочусу болушкан. Бирок Тесалоникадан айрым жүйүттөр келип, дүрбөлөң салгандыктан, Пабыл Афинге кетип калган. Тиметей менен Сылас болсо бир туугандарды бекемдеш үчүн Берояда калышкан. Кийинчерээк Пабыл Тиметейди Тесалоникадагы бир туугандарга катуу куугунтукка чыдаганга жардам берүүгө жөнөткөн. Кийин аны дагы башка көп жыйналыштардагы бир туугандарды бекемдегени жиберген.

Пабыл Тиметейге: «Жахабага кызмат кылгысы келгендердин баары куугунтукталат»,— деген. Тиметей ишеними үчүн куугунтукталып, түрмөгө камалган. Бирок ал Жахабага болгон берилгендигин далилдегенге мүмкүнчүлүк түзүлгөнүнө сүйүнгөн.

Пабыл филипиликтерге: «Жакында силерге Тиметейди жиберем. Ал силерге чындык жолунда жүргөндү, кабар айтканды үйрөтөт»,— деп жазган. Ал Тиметейге ишенсе болорун билген. Экөө көп жыл бою чогуу кызмат кылып, дос болуп калышкан.

«Аныкындай маанайга ээ болгон жана силерге чын жүрөктөн кам көрө турган башка эч кимим жок. Башкалардын баары Машаяк Исага жакканды эмес, өздөрүнө жакканды көздөшөт» (Филипиликтер 2:20, 21)