Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

101-САБАК

Пабыл Римге жиберилген

Пабыл Римге жиберилген

Пабылдын үчүнчү сапары Иерусалимден аяктаган. Ал жактан аны кармап, түрмөгө камашкан. Түн ичинде Иса ага аян аркылуу: «Сен Римге барып кабар айтасың»,— деген. Пабылды Иерусалимден Кесарияга алып барып, эки жыл түрмөгө камап коюшкан. Фест деген башкаруучунун алдында соттолуп жатканда Пабыл ага: «Мага Римде цезардын алдында соттолууга уруксат бериңиз»,— деген. Фест: «Цезардын сотун талап кылсаң, цезарга барасың»,— деп жооп берген. Ошентип, Пабылды Римге бараткан кемеге отургузушкан. Аны Лука, Аристарх деген бир туугандар коштоп барышкан.

Деңизде катуу шамал башталып, көп күнгө чейин басылган эмес. Кемедегилердин баары тирүү каларынан үмүтүн үзүп коюшкан. Бирок Пабыл аларга: «Түшүмдө периште көрүнүп: „Коркпо, Пабыл. Сен Римге барасың. Сени менен кемеде бараткандардын баары аман калат“,— деди. Ошондуктан кайраттуу болгула! Биз өлбөйбүз»,— деген.

Шамал 14 күнгө созулган. Акыры, жер көрүнгөн. Ал Мальта аралы болчу. Кеме кумга тыгылып, талкаланып калган. Бирок 276 кишинин баары жээкке аман-эсен чыгышкан. Алардын айрымдары чабак уруп барса, башкалары кеменин сыныктарын кармап сүзүп барышкан. Мальтада жашаган адамдар аларга кам көрүп, жылынып алышы үчүн, от жагып беришкен.

Үч айдан кийин жоокерлер Пабылды алып, башка кемеге түшүшкөн да, Римге жол тартышкан. Римге жеткенде, бир туугандар Пабыл менен көрүшкөнү келишкен. Пабыл аларды көргөндө Кудайга ыраазычылык билдирип, кайраттанып калган. Ал камакка алынган киши болсо да, ага ижарага алынган үйдө жоокердин кайтаруусу астында жашаганга уруксат берилген. Пабыл ошол үйдө 2 жыл жашаган. Ал өзүнө келгендерге Кудайдын Падышалыгы тууралуу кабар айтып, Иса Машаяк жөнүндө окуткан. Ошондой эле Кичи Азиядагы жана Жүйүт аймагындагы жыйналыштарга каттарды жазган. Ооба, Жахаба аны жакшы кабарды башка улуттагыларга жеткирүү үчүн колдонгон.

«Бардык жагынан өзүбүздү Кудайдын кызматчылары катары көрсөтөбүз. Муну көптөгөн учурларда: башыбызга мүшкүл түшкөндө, муктаж болгондо, кыйынчылыктарга кабылганда... [көрсөтөбүз]» (2 Корунттуктар 6:4)