Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

103-САБАК

«Падышалыгың келсин»

«Падышалыгың келсин»

Жахаба: «Мындан ары ый, кайгы, оору, өлүм болбойт. Мен алардын көзүнөн бардык жашты аарчыйм. Жамандыктын баары унутулат»,— деп убада кылган.

Ал Адам ата менен Обо энени бактылуу болуп, бейкуттукта жашасын деп Эйден багына жайгаштырган. Алар асмандагы Атасына сыйынып, жерди өздөрүнүн балдарына толтурушу керек болчу. Бирок Адам ата менен Обо эне Жахабага тил албай коюшкан, ошондой болсо да анын ой-ниети эч качан өзгөргөн эмес. Бул китептен Кудайдын убадаларынын баары сөзсүз аткарыларын билдик. Ал Ыбрайым пайгамбарга убада кылгандай, өзүнүн Падышалыгы аркылуу жер бетине кереметтүү баталарды төгөт.

Жакында Шайтан, анын жин-перилери жана ыймансыз адамдар жок болушат. Ал эми аман калгандардын баары Жахабага сыйынышат. Эч кимибиз оорубайбыз, өлбөйбүз. Күндө эртең менен ойгонгондо күчкө толгонубузду сезип, жашоодон ырахат алабыз. Жер бети бейишке айланат. Ар бир адамдын эң сонун тамак-ашы, бекем үйү болот. Адамдар таш боор, ырайымсыз эмес, боорукер болушат. Жапайы жаныбарлар бизден, биз алардан коркпой калабыз.

Жахаба өлгөндөрдү тирилте баштаганда, баарыбыз зор кубанычка бөлөнөбүз. Абыл, Нух, Ыбрайым, Саара, Муса, Рут, Эстер жана Дөөтү сыяктуу мурун жашап кеткен адамдарды тосуп алабыз. Алар бизге кошулуп, жер бетин бейишке айлантышат. Бейиште кызыктуу жумуш дайыма көп болот.

Жахаба сенин ал жерде болушуңду каалайт. Сен аны өзүң такыр элестетпеген жолдор менен жакшыраак таанып-биле бересиң. Андыктан ага мындан ары да күн сайын жана түбөлүктөн түбөлүккө жакындай бер!

«Кудуреттүү Кудайыбыз Жахаба, сен даңкталууга, урматталууга татыктуусуң, анткени баарын сен жараткансың» (Аян 4:11)