Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жетектөөчү Кеңештин каты

Жетектөөчү Кеңештин каты

Сүйүктүү ишенимдештерибиз!

Жахабанын кызматчылары катары биз анын Сөзүн, Ыйык Китепти, жакшы көрөбүз. Анда тарыхый жактан так маалыматтар, жашоого керектүү туура жетекчилик жана Жахабанын адамзатка болгон сүйүүсүнүн далилдери камтылганына бекем ишенебиз (Забур 119:105; Лука 1:3; 1 Жакан 4:19). Биз башкаларга Кудайдын Сөзүндөгү баа жеткис чындыктарды түшүнүүгө жардам берүүнү абдан каалайбыз. «Ыйык Китептен таалим-тарбия ал» деген бул китепти ошол максатта чыгардык. Эмесе, китеп жөнүндө бир аз айтып өтөлү.

Негизинен, бул китеп кичинекей балдарга арналган. Ошентсе да Ыйык Китеп жөнүндө көбүрөөк билгиси келген чоңдор үчүн да пайдалуу болот. Ыйык Китеп бардык адамдарга арналгандыктан, андан ар бирибиз таалим-тарбия алып, чындап бактылуу боло алабыз.

Бул китепте Ыйык Китептен алынган окуялар жазылып, ааламдын жаралышы, адам баласынын тарыхы жөнүндө айтылат. Ыйык Китептеги окуяларды түшүнүктүү, жөнөкөй жана мүмкүн болушунча болуп өткөн ирети менен баяндоого колубуздан келишинче аракет кылдык.

Бирок бул китепте Ыйык Жазмадагы билдирүүлөр жөн эле айтылып өтпөйт. Анын текстинде да, сүрөттөрүндө да ал билдирүүлөр жана инсандардын сезимдери жандуу чагылдырылат.

Бул китеп бизге Ыйык Китепте Жахабага баш ийген жана баш ийбеген адамдар жөнүндө жазылганын түшүнүүгө жардам берет. Ошондой эле алардын жакшы жактарынан үлгү алып, жаман жактарынан сабак алууга түрткү берет (Римдиктер 15:4; 1 Корунттуктар 10:6). Китеп 14 бөлүктөн турат. Ар бир бөлүктүн башында ал бөлүктөн эмнелерге үйрөнсөк болору кыскача айтылат.

Эгер ата-эне болсоңор, бөлүмдү балаңар менен чогуу окуп, ошол бөлүмдөгү сүрөттөрдү талкууласаңар болот. Андан соң ал бөлүм негизделген Ыйык Китептеги аяттарды окуп чыксаңар болот. Балаңарга бөлүмдө айтылгандар менен Ыйык Китептен окуган аяттардын ортосунда кандай байланыш бар экенин түшүнгөнгө жардам бергиле. Чоңдорго Ыйык Китепте эмне жөнүндө айтылганын жалпы жонунан түшүнүүгө жардам берүүдө да ушундай ыкманы колдонуу натыйжалуу болушу мүмкүн.

Бул китеп жүрөгү таза адамдардын баарына: жаштарга да, чоңдорго да Кудайдын Сөзүнөн билим алып, үйрөнгөндөрүн жашоосунда колдонууга жардам берет деп үмүттөнөбүз. Натыйжада алар да Кудайдын үй-бүлөсүнө кошулуп, ага сыйына башташы мүмкүн.

Бир туугандарыңар,

Жахабанын Күбөлөрүнүн Жетектөөчү Кеңеши