Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

1-бөлүккө кириш сөз

1-бөлүккө кириш сөз

Ыйык Китеп Жахабанын асмандагы жана жердеги ажайып кооз нерселердин баарын жаратканы жөнүндөгү билдирүү менен башталат. Эгер ата-эне болсоңор, балаңарга жаратылыштын укмуштуудай ар түрдүү экенин көрүүгө жардам бергиле. Кудайдын адамдарды жан-жаныбарлардан алда канча айырмаланып тургудай кылып, тагыраак айтканда, сүйлөөгө, ой жүгүртүүгө, бир нерселерди ойлоп табууга, ырдоого, тиленүүгө жөндөмдүү кылып жаратканын баса белгилегиле. Жахабанын кудуреттүүлүгүн, акылмандыгын, өзгөчө, бардык жаратууларына, анын ичинде ар бирибизге болгон сүйүүсүн баалаганга көмөк кылгыла.

БУЛ БӨЛҮКТӨ

1-САБАК

Кудай асман менен жерди жараткан

Ыйык Китепте Кудайдын асман менен жерди жаратканы айтылат. Калган нерселердин баарын жаратканга чейин Кудай кайсы периштени жаратканын билесиңби?

2-САБАК

Кудай биринчи эркек менен аялды жараткан

Кудай биринчи эркек менен аялды жаратып, Эйден багына жайгаштырган. Алардын укумдап-тукумдап, жер бетин бейишке айландырышын каалаган.